Орусиядагы Кыргыз элчилигинин кызматкерлери убактылуу кармоочу жайдагы Кыргыз жарандарынан кабар алышты



17-мартта Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчигили Нооруз майрамына карата Москвадагы убактылуу кармоочу жайдагы Кыргыз жарандарынан кабар алды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Москва шаарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына Орусиядагы Кыргыз элчилигинин жана КР ИИМинин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери барышкан. Аталган жайдын жетекчилиги менен жолугушууда ал жерде кармалып турган Кыргыз жарандарынын көйгөйлөрү талкууланды.
"Убактылуу кармоочу жайда бүгүнкү күндө 117 Кыргыз жараны бар. Алар менен жолугушуу өткөрүлүп, аларга укуктук жана консулдук маселелер боюнча консультация берилди. Ноорузга карата майрамдык дасторкон жайылды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
anar8672

18.03.2017. 11:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кара тизмеден качан чыгарасынар эки ай мурун жакында 43 мин адам чыгат делдинер эле .
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.