super.kg logo

Активист: "Сөз эркиндигине байланыштуу жөө жүрүштө кармалгандар чыгарыла элек"

 

Бишкекте бүгүн, 18-мартта сөз эркиндигине байланыштуу өткөн жөө жүрүштө милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандар чыгарыла элек. Аларга протокол толтурулуп, учурда Свердлов райондук сотуна алып барып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист Мавлян Аскарбеков билдирди. Кармалгандардын арасында М.Аскарбековдон сырткары Айбек Мырза, Расул Мамбеталиев, Адил Турдукулов жана Мухит аттуу жаран бар.

Маалыматка караганда жөө жүрүшчүлөр менен кармалган депутат Каныбек Иманалиев менен Би-Би-Синин журналисти ички иштер башкармалыгына баргандан кийин бошотулган.

Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы: "Жөө жүрүшкө чыккандар Байтик баатыр көчөсү менен тротуарда келе жатышкан. Бөкөнбаев көчөсүнө жеткенде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эскертүүсүнө карабай катышуучулар коомдук тартипти бузуп, унаа жолуна чыгып кетишти. Мындан улам милиция кызматкерлери тарабынан 5 жаран кармалып, Свердлов РИИБине алынып келинди. Аларга административдик материал түзүлдү. Ал кароо үчүн Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилет", - деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.03.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1,милион айып пул дегиле таппай эле турасынар куу тулкулор
18.03.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Закон есть закон.Силерлен да башка жарандар бар,жолдо журуусуно тоскоолдук жаратпагыла.
18.03.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Riokyrgyz
эн туура! Митингчилер кочого чыккыла. бирок карапайым адамдарга тоскоол болбогула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: