super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын депутаттары Казак президентинин билдирүүсү терең ирээнжиткенин айтышты

 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы 18-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин комментарийи тууралуу билдирүү таратты.

Фракциянын депутаттары Рыскелди Момбеков менен Евгения Строкова Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин керек болсо болочокто да чек араны тосуп коёрун убада кылганы терең ирээнжитти дешет. "Эки элдин ортосундагы достук кылымдар бою калыптанган жана аны эч ким буза албайт. Кеп айрым саясатчылардын катачылыктары жөнүндө болсо, аны тактап койгубуз келет. Назарбаевдин эсинен чыгып кеткендир же ага туура эмес маалымат жеткиришкендир, бирок 7-апрелде анын алдында Бакиевдин режими мыйзамсыз камаган оппозиция лидерлери, саясий камактагылар гана абактан бошотулган. Бир дагы кылмышкер түрмөдөн чыккан эмес. Демек, бул суу кечпеген калп сөз чек аранын буулуп калышын актай албайт”, - деп белгилешет депутаттар.
"Керек болсо чек араны дагы жабам” деген сөз ЕАЭБ жана ЖККУ боюнча союздаштарга карата айтыла турган сөз эмес, биздин оюбузча, бул достукка да, бир тууганчылыкка да жатпайт", - деп белгилешет депутаттар. Казакстан президентинин Курманбек Бакиевдин "мыйзамдуулугуна" басым жасаганы да депутаттарды кабатыр кылган. Алар Бакиев өзү дагы революция аркылуу бийликке келгенин эскертишти. Муну менен катар Казакстанда Бакиевдин эл аралык издөөдө жүргөн бир туугандары тойлорду өткөрүп жатышканынан кабардар экендиктерин айтып, "эмнегедир аларды эч ким кармап, биздин өлкөнүн укук коргоо органдарына өткөрүп берген жок. Ушул да союздаштык мамилеби?" - деп суроо салышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: