Өзгөндө чагылган түшүп, мал сарай жана 30 кой күйүп кетти



Өзгөндө чагылган түшүп, мал сарай жана 30 кой күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, чагылган 18-март күнү саат 21:08 чамасында Куршаб айыл аймагынын Шагым айылына түшкөн. Анын кесепетинен өрт чыгып, мал сарайдын чатыры, 200 түк чөп, бир уй, отуз кой күйүп кеткен.
Алдын-ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркап, каза болгондор жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
Рейтинг:
0

Мында да бир хикмат,сыр,жакшылык жаткандыр... Аз садага чон кырсыктын алдын алат.омурду узартат. Жаратканга жакындатат.