super.kg logo

Парижде полициянын зомбулугуна каршы чыккан 11 жаран камакка алынып, 2 полиция кызматкери жаракат алышты

 

Парижде 7500дөн ашуун жашоочу 19-мартта полициянын зомбулугуна каршы митингге чыгышты. Чет элдик маалымат каражаттарында жазылгандай, тартип сакчылары менен митингчилердин ортосунда кагылышуулар болуп, эки полиция кызматкери жаракат алган. Ал эми 11 митингчи убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Митингчилердин арасынан беткап кийген жүздөгөн жаштар чыгып, полиция тарапка күйүүчү снаряддарды ыргытышып, бир канча банктардын соода текчелерин сындырышкан. Буга байланыштуу, полиция көздөн жаш агыза турган газды колдонушкан. Нааразычылык акциясына чыккандар: "Полициялар бардык жерде бар, бирок акыйкаттык эч жерде жок", "Зиед, Буна,Тео, Адама - унутпайбыз, кечирбейбиз", - деген ураандарды жазып алышкан.

Зиед, Буна,Тео, Адама аттуу жарандар "Франция полициясынын чоң курмандыгына кабылышкан" делип, ысымдары белгилүү болгон.

Айта кетсек, 24 жаштагы Адам Траор 2016-жылы Париждин түндүк жагындагы Бомон-сюр-Уаз аймагында полициялар тарабынан колго түшүрүлгөндөн кийин каза болгон. Ал эми 15 жаштагы Зиед Бена жана 17 жаштагы Буна Траоре 2005-жылы полициядан качып бара жатып, трансформатордун будкасында жан беришкен.

Бул митинг алардын жакындары менен уюштурулган экинчи массалык митинг. Франциялыктардын митингге чыгуусуна полициянын 22 жаштагы Тео аттуу кара терилүү жаранды Ольне-су-Буа шаарчасында мыкаачылык менен кармагандыгы түрткү болгон. Полиция кызматкерлеринин каардуу мамилесинен кийин Тео ооруканага жаткырылганы жазылат маалыматтарда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: