Нооруз күнү өлкөдө коопсуздукту камсыз кылууга 6 миң милиционер тартылат, 2 миңи Бишкекте

Эртең, 21-Март - Нооруз майрамына карата республика боюнча коопсуздукту камсыз кылууга 6 миң милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Мындан тышкары борбор калаанын айрым көчөлөрүндө унаа кыймылы чектелет:
- "Ала-Тоо" аянтынын аймагы;
- Киев көчөсү;
- Чүй кең көчөсү жана М.Фрунзе көчөсү (Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин);
- Термечиков көчөсү (Гагарин көчөсүнөн Толстой көчөсүнө чейин);
- Лев Толстой көчөсү (Бах көчөсүнөн Тимур Фрунзекөчөсүнө чейин);
- Гагарин көчөсү (Бах көчөсүнөн Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин).
Ошондой эле майрам күнү эл көп топтолгон жерлер курчоого алынат, ар бир жаран көзөмөл-өткөрүү пункттарынан өтөт. Ички иштер министрлиги жарандардан киргизилип жаткан чектөөлөрдү туура түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
elchi84

20.03.2017. 11:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1800 Ак уйду коруйт дебейсинерби
modern-group

20.03.2017. 13:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
elchi84,1950су ))))))))))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.