super.kg logo

10 миң 600дөн ашык турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарды тейлөөгө 927 социалдык кызматкер каралган

 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотованын жетекчилиги менен Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирге кызматташуунун көйгөйлөрү, улгайган жарандардын социалдык кызматтарга керектөөсүн аныктоо жана үйүнө барып социалдык жактан тейлөөнүн эффективдүүлүгү боюнча маселелер каралып, талкуу жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Тегерек столдун максаты жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөргө улгайган жарандардын керектөөсүн аныктоо болуп, министрликтин буйругу менен пилоттук аймактар катары Чүй облусунан Токмок шаары, Москва району жана Жалал-Абад облусунан Жалал-Абад шаары, Аксы району аныкталган.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө улгайган жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды (ДМЧАларды) үйүнө барып социалдык жактан тейлөөгө 927 социалдык кызматкер каралган. Жалпысынан 10 миң 600дөн ашык турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдардын ичинен жалгыз бой улгайган жарандардын саны 5144, ДМЧАлардын саны 2387 адамды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: