super.kg logo

Нарында малдарды өлүмгө учураткан дарт аныктала элек

 

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында тургундардын жаш козу, эчкилери эмне дарттан улам өлүп жатканы аныктала элек. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта мал доктур Жумабек Колхозбеков SUPER.KG порталына билдирди.

Эске салсак, буга чейин аталган айылдагы козу, эчкилер белгисиз ылаңдан улам өлүп жаткандыгы маалымдалган. Нарындагы лаборатория малдын бул дартын аныктай албагандыктан, өлгөн малдардын канынын үлгүлөрү бир апта мурун Бишкекке жөнөтүлгөн.

"Учурда малдын өлүмү бир аз азайып калды. Мал сарайларды дезинфекциялап жатабыз, малдардын кайсы ылаңга кабылганы азыркыга чейин белгисиз. Бишкектен дартты аныкташа элек, айылдагы мал доктурлар кой-эчкинин шарп оорусу деп божомолдоп жатабыз. Бирок ооруга кабылган кой-эчкинин баары аксап калууда. Негизи бизде малдын илдеттерин аныктоо абдан жай", - деди Ж.Колхозбеков.

Бул арада мындай кырдаал Токтогул районундагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул шаарында да орун алганы маалымдалган.

Анда окурман "Оору белгисиз. Ар бир короодон 20-30дан ашык козу өлдү. Дагы деле токтой элек. Минтсе быйыл абал оор болот. Мал доктурлар ушунча козу өлгөндөн кийин келишти, бирок эмнеден экенин билбей жатышат. Кечээ койлордон анализге керектүүлөрдү алып Бишкекке кетишти", - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.03.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сальминоз оорусу болсо керек бизде да ошондой болуп койлор бала салып койду
21.03.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бу вирус малга берип жаткан дарыда мындан биотоп жыл мурун да болгон жалан улак козулар олгон анан ел дарыны бербей койгондо токтоп калган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: