super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бир катар чет мамлекеттердин башчылары кыргыз элин жана Алмазбек Атамбаевди Нооруз майрамы менен куттукташты

 

Бүгүн, 20-мартта бир катар чет мамлекеттердин президенттери кыргыз элин жана мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди Нооруз майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Тажикстанстандын президенти Эмомали Рахмон куттуктоо телеграммасында: "Биздин өлкөлөр көөнөрбөс идеалдарга таянуу менен, мындан ары да өз ара достук жана пайдалуу кызматташтык алака-катыштарын бекемдеп жана өнүктүрө берет деп ишенем", - деп белгиледи. Ал президент Алмазбек Атамбаевге жана Кыргыз мамлекетинин меймандос элине бакыт, жакшылык, тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосунда эки өлкө ортосунда өз ара түшүнүүчүлүккө жана жемиштүү кызматташтыкка ширелген достук мамилелер дагы бекемдей берүүсү айтылган. "Мен биздин элдин жакшылыгы үчүн мындан ары дагы өсүп-өнүгөт деп бекем ишенем", - деп белгиленет телеграммада.

"Бул майрам күндөрү Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы коңшулук мамилелердин мындан ары чыңдалышын жактайбыз. Биргелешкен күч-аракеттер узак жана көп пландуу өнөктөштүктү биздин потенциалга ылайык бийиктикке көтөрө алабыз деп ишенем", - деп белгиленет Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзийоевдин куттуктоосунда.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин: "Быйыл жыл башында сиздин Кытайга сапарыңыздын маалында биздин иштиктүү жана үзүрлүү сүйлөшүүлөрдү зор канааттануу менен эстейм. Көп тараптуу кызматташтыкты жаңы тепкичтерге жылдыруу үчүн биргелешип күч-аракет жумшоого даярмын", - деп айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.03.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элди куттуктасада, АШАны тим эле коюшпаптыр.
20.03.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назарбаев туура эле сүйлөптүр СДПК адамдары неге ренжишет Атамбаев бийликке келгенде түрмөдөгүлөрдұ бошоткону чын 2008-жылы терорис же вахабис деп камалгандар чыгышкан ошол жылы.
20.03.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назарбаев туура айтты.Керек болсо дагы жабам деп ал элинин камын ойлоп жаап жатат.Же эмне биздин намысы жок чондорго окшоп оздору согуш чыгарып озбекстанга Кире качкандарды жалдырап алып келип уй салып берип олгондордун устунон акча жеш Керек беле.Ал кишиге Эли керек.Элинин бакубат жашоосун ойлоп жатат.Ал эми иренжиген СДПКнын дежурный депутаттары Назарбаев Ошко 2мектеп салганын айтканда эле бир жерин кысышпады да.Мектеп курмак турсун карызга алган акчага той кылдынар иренжибей туз жалагыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: