Шабдан баатыр көчөсүндөгү кырсык селфи сүрөткө түшүү учурунда болгону айтылууда

Бүгүн, 20-мартта укук коргоо органдарындагы өздүк булактар Шабдан баатыр көчөсүндөгү көпүрөдө болгон кырсык селфи сүрөткө түшүү учурунда катталышы мүмкүн экенин айтышты.
"Окуя 19-март күнү Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндөгү көпүрөдө болгон. 20-25 жаштардагы жигит көпүрөдөн кулап кеткен. Кырсык селфи сүрөткө түшүп жаткан учурда болушу мүмкүн. Алгачкы иликтөөлөргө ылайык суициддин белгилери жок", - деп билдиришти укук коргоо органдарынан.
Ал эми Бишкек ШИИББи кечээ окуя тууралуу "25 жаштагы жаран жипке асынып өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бирок жиби үзүлүп, бала көпүрөдөн жолго кулаган. Мындан улам ал ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди" деп билдирген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Кырсыктан аман калыптыр шугур!