super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жолдошум жакшы адам, бирок ичип алганда "эркек балам болсо" деп ыйлай берет"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектер эмнеге уул бала дешет?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Аяшым беш кызын чанып "эркек бала керек" деп кайра үйлөнүптүр. Аялы ыйлайт "эми кантем?" деп. Менин төрт кызым бар. Жолдошум жакшы адам, бирок ал дагы "эркек балам болсо" деп ичип алганда ыйлай берет. Жүрөгүмдүн төрүндө бүдөмүк ой "башкага кетип калабы" деп кооптонтот. Мен ак көңүл, берешен, таарыныч эмне экенин билбеген, кечиримдүү аялзатымын, бирок жолдошум кетип калса чыдабасам керек".

"Эркектер көпчүлүгү "уул балам болсун" дей бергени, чоноюп ишин колдон алып жардам берет, карыганда багат, ошондой эле "артымда туяк болуп тукум улап калат дешсе" керек. А кыз бала турмушка чыгып кетет, кыздан калган небере тукум улоочу болуп саналбайт. Башкы максат - тукум улоодо болсо керек".

"Аялын "уул төрөбөйт" деп башкага үйлөнгөндөр караңгылык кылганы да, болбосо уулбу, кызбы, урук сепкен эркек эмеспи?! Азыркы заманда кыздын баркы көтөрүлүп эле калбадыбы, ата-энелерин кор кылбай, багып келе жаткан кыздарыбыз чекеден чыгат".

"Мен да чынында жаңы үйлөнгөндө Кудайдан ар дайым эркек бала сурачу элем, Жараткан тилегимди кабыл кылып эки уул берди, аябай сүйүндүм. Бирок азыр эмнегедир кыздуу болгум келет, себебин, эмнеге экенин билбейм. Кыз бала ата-энеге өтө мээримдүү болот экен, муну мен өзүмдүн чоң агаларымдын кыздарын көрүп көп байкайм".

"Акем алты кыздуу болду. Жетинчиси жарык дүйнөгө келгенде, акем төрөт үйүнө барбай, үйгө чыгарып келүү оюна да келбеди. Күнү-түнү ичип, ичкен убакта ыйлап "жети кызым бар, артымда тукум улоочу уулум жок" деп баарына наалычу. Жеңем улам кыз болгонго сактанбай эле, "уул болуп калсын" деп төрөй берген эле, кийин үйгө чыгып келгенде кызы ооруп, бир айга жетпей чарчап калды".

"Менин таежем 5 эркек төрөдү. Бешинчиси да уул болгондо күйөөсү "сен кыз төрөбөйсүң, жогот мунуңду" деп, баланы бешиги менен ыргыткан экен".

"Кызбы, уулбу акыл эстүү, алты саны аман болсо болду да, чындыгында, эркектер "уул болсун" дей беришет, өздөрү дүйнөгө аял кишиден келгенин билбей эле".

"Бирөөгө уул керек, бирөөгө кыз керек, "бири кем дүйнө" деп бекер айткан эмес да. Биз да үй-бүлөдө үч кыз бир уулбуз, атам байкемди аябай жакшы көрөт, бизди жаман көрөт. Эне байкуш болсо дайым биз тарапта, атама эмне кылсак да жакпайбыз, биз шаарда иштейбиз, атам менен 5-6 айда бир сүйлөшөбүз, апам менен тез-тез. Байкем үйлөнгөн, жеңем да кыз төрөгөн, экинчиси дагы боюнда бар, анысы уул болбосо, атам "кетирем" дейт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
20.03.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай бергенин алабыз да ден солугубуз жакшы болсо болду да
20.03.2017. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудайым бергенине шугур кылыш керек.бербей койсо не кылат экоону тен.
20.03.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уулду болом десенер ысык жүрүш керек экен.анан жүгүргүлө 5.6км ..эгинди баштаардын алдында баняга барып ыссык парда олтургула .спорт мн машыккыла..арак ичпегиле..ошондо уул болгонго жардам берет...мен үйлөнсөм ушуларды колдоном буйруса
20.03.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аиии адамдар кайсы заманда жашап жатышат, мурда мейли, азыр деген календарь менен эле уул-кызды пландап тороп жатышпайбы.Эртерээк пландап анан бойго бутурсо болду, уул десе уул кыз десе кыз торолуп эле жатышат го. Илгери эми айла жок эле, азыр интернетте толтура го планирование ребёнка десе эле чыгат да. Бирок календарды да жакшылап "изучать" этип пдандабаса туура эмес болуп калат.
20.03.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда кыздан айланса болот.
21.03.2017. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уулбу кызбы омурун берсин ыйманы менен намысын да кошо берсин
21.03.2017. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уулбу кызбы өмүрү мн алты саны мн берсин уулдун дагы кыздын дагы өтө чоң орду бар эч качан уул болуп калды же кыз болуп калды деп чанбаш керек уул тукум улайт карыганда багат өлсө комот кыз куйумдуу болот ооруп калса карайт карыганда тырмагын чачын алып берет пойполоктоп баладай кылып карайт эч качан уулдан кыз кыздан уул пас болбойт экөөнүн орду бирдей экөөнүн тең ыйманы мн бактысы мн берсе ата эненин бактысы ошол болот
21.03.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз уч кызбыз, атам уулду болсом деп эч качан тилебеген экен, озу айтчу.)) Анан да силерди кантип узатам, кантип чыдайм, бербейм менин кыздарымсынар дей берчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: