КҮНСЕРЕП: Ички иштер министрлиги Жалал-Абадды көзөмөлдөөнү күчөттү
Бүгүн, 21-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз жеринде Нооруз майрамы белгиленүүдө. Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык салтанатты шаар жетекчиси Албек Ибраимов ачып, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков элди куттукташты.
Сапар Исаков мамлекеттик ири иш-чараларда акырындап президенттин ордун алмаштыра баштады. 17-мартта Аксы окуясын эскерүү иш-чарасына да Исаков катышып, президенттин атынан сөз сүйлөдү. Бул окуялар КСДПнын атынан президенттик шайлоого Сапар Исаков талапкер болуп чыгат деген жоромолдорду күчөттү. Нооруз - түрк тилдүү элдерде, Иран, Ооганстан өӊдүү өлкөлөрдө өзгөчө шаң менен белгиленген майрам. Иш-чаранын алкагында Бишкекте атайын көргөзмө уюштурулуп, ага 17 өлкөнүн элчиликтери катышты. Салтанатты концерттик программа коштоп, келген элдин коопсуздугун милиция, "Тез жардам", өрткө каршы кызматтар көзөмөлдөөдө. ИИМдин маалыматына таянсак, коомдук коопсуздукту 2 миӊдей милиция карап жатат. Салтка айланып калгандай, "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалы өтүүдө.
Майрамдын берки жээгинде эмне кеп? Интернетте социалдык түйүндөрдө Нооруздан баш тартууга чакырыктар жасалууда. Чакырык ээлери "Ислам дининде Нооруз майрамы жок, бул кыргыздын майрамы эмес" деген сөздөрдү айтышып, майрамды шаңдуу белгилеп жаткандарды сындаганга өтүштү. Динге таяп Ноорузду майрамдоого тыюу салуу, дегеле элибиздин илгертеден карманып келе жаткан иш-чараларын, майрамдарын, каада-салттарын жээрий берүү, тыюу сала берүү элди эки жээкке бөлөт. Ал эми Ноорузду майрамдоо же майрамдоодон баш тартуу ар бир жарандын жеке иши. Нооруз илимий жактан алганда деле өтө маанилүү күн. 21-март - жазгы күн менен түндүн теңелген учуру, кыргыздар жерге жан кирди дешип Нооруздан кийин айдоо иштерин баштайт. Муну президент Алмазбек Атамбаев Ноорузга карата өзүнүн куттуктоосунда баса белгиледи. "Ноорузда элдин, мал-жандын тынч, кырсыктан тышкары болушун тилеп, Жаратканга сыйынышкан. Соко чегип, жер бетин алгач жолу тилишчү. Сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу майрамдашчу", - деди президент. Майрамдын урматына Бишкек жасалгаланып, көркүнө чыкты. Ошентип жазды узакка күткөн элибиз бүгүн анын илебин сезгендей болду...
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Бишкек-Ош трассасындагы автокырсыктарды азайтуу жолун издөөдө. Облустук милиция Ички иштер министрлигине кайрылып, трассанын Жалал-Абаддан өткөн тилкесиндеги кыймылды көзөмөлдөөгө Патрулдук милициянын кошумча 5 бригадасын бөлдүргөнү белгилүү болду. Мекеме көзөмөлдөөчүлөрдүн көбөйүшү жол кырсыктарын азайтат деген үмүттө.
Базар-Коргондо депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Бишкек-Ош жолунун жээгине боз үй тигип, митинг өткөрүп, трассаны жаап салууга да аракеттерди көрүшүүдө. Жалал-Абад ОИИБи жол коопсуздугун камсыз кылууга кошумча күч дегени менен, патрулдук 5 бригада митингчилерди көзөмөлдө кармап туруу үчүн ИИМден бөлүнгөн сыяктуу. Расмий маалыматтарга таянсак, Жалал-Абад облусунда 2017-жылдын январь-февраль айларында жол кырсыгынан каза тапкандар 92 пайызга өскөн (2016-жылдын алгачкы 2 айына салыштырмалуу). 2016-жылдын январь-февралында облуста автокырсыктан 14 адам көз жумса, быйыл 27 адам кайтыш болгон. Жаракат алгандар 9 пайызга өскөн. Бул фактылардын фонунда кошумча 5 бригаданы ишке киргизүү аракети жетишсиз чара. Көйгөйдүн тамыры тереӊде экени жалпыга маалым. Айдоочулук күбөлүктү акчага сатуу - чала сабат айдоочулардын көбөйүшүнө жол ачуу. Бул тема парламентте, өкмөттө такай көтөрүлүп жүргөнү менен, биротоло оӊ жагына чечиле элек. Айдоочулук күбөлүктү Мамлекеттик каттоо кызматы эмес, автомектептер бериши керек деген да пикирлер бар. Жоопкерчилик сезүү үчүн документти айдоочуга жолдо жүрүү эрежесин окуткан мекеме бергени оӊ деген сунуштар айтылып жатат. Бүгүнкү күндө айдоочулук күбөлүктөр Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти тарабынан берилет. Учурдун суроосу: Жоопкерчилик айдоочуларды окутуп жаткандардабы же күбөлүк бергендердеби? Автокырсыктарга себеп болгон жагдайлардын бири - жайында тешиги бүтөлбөгөн, кышында кары тазаланбаган жолдор. Бишкек-Ош трассасынын абалына да нааразычылык дайым айтылып келе жатат. Өкмөттүн жол жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо чарасы оӊ жыйынтык бербей жатат десе болот. Болбосо, кырсыктардын статистикасы, андан каза тапкандардын саны эселеп өспөйт эле...
кошулду

