super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 21-мартта президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоо текстин президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы иш-чарада окуду.

"Ата-бабаларыбыз илгертен эле жаздын келишин, чөптүн чыгышын, булак көзүнүн ачылышын жакшылыкка жорушкан. Ошондуктан Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамы катары белгиленген. Бул күнү эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары болушун тилеп, Жаратканга сыйынышкан. Соко чегип, жер бетин алгач жолу тилишчү. Сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу майрамдашчу. Бабалардын ошол улуу салтын, жашоонун улуу көчүн, жаркын көчүн улоо менен, кыргыздар азыр да көпчүлүк чыгыш эли сыяктуу эле Ноорузду чоң салтанат менен белгилейт. “Ноорузду” биздин элибиз дайыма чоң үмүт, жакшы тилек менен тосуп, жаздын, эмгектин, чыныгы биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдашат. Өлкө быйылкы Ноорузду жакшы жетишкендиктер, жаңы жөрөлгөлөр менен тосуп жатат. Элибиз улуттук жана руханий кайра жаралуу доорун сүрүүдө. Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык каатчылыктын тескери таасирине карабастан, 2013-2016-жылдары Кыргыз мамлекетинин ички дүң продукциясынын өсүшү орточо 5,4 пайызды түзүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң алдынкы орунга чыктык. Өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Кудайдын колдоосу менен, тилегибиз ишке ашсын, Нооруз, келе жаткан жылыбыз ырыс-кешиктүү болсун! Жаратканыбыз Кыргыз өлкөсүн колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!" - деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
21.03.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Комент ачыко тангалычтуу,озу чыгып куттуктагандан корконго,дагын балп деп койбойун деп,кыргыз елим нооруз мареек болсун!!!
21.03.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баракелде мына эми президентибиз озу айткандай сасык, ушак создорун кошпой элди куттуктаптыр болот экенгоо Алмазбек Шаршенович.(бирок экономикабыздын осушу боюнча кичине ордокторду учуруп жиберипсиз)
KGstan1981 түзөттү 2017-03-21 13:23:46
21.03.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аны озу жазат беле анын жанында акындар журот шагырап соз уйротум
22.03.2017. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртарак монотунду бутуруп жылчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: