super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Район аймагында кардын калыңдыгы 1 метр, тоют жетиштүү" дейт Тогуз-Торо районунун акими

 

17-мартта окурман "Элдик кабарга" Тогуз-Торого жааган кардын калыңдыгынан кээ бир тамдардын чатырлары кулап жатканын билдирген. Тогуз-Торо районунун администрациясына эки айылдын айрым жашоочулары кардын калыңдыгынан жабыркаганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов билдирди.

"Быйылкы жылда кар калың жаады. Учурда 1 метр кар бар. Кара-Суу жана Казарман айылдарынын жашоочулары калың кардан жабыркаган деген маалымат түштү. Бирок олуттуу жабыркагандар жок. Алар боюнча иш алып барып жатабыз. Ал эми башка айылдардан турак жайынын чатыры кулап, жардам керек деп эч ким кайрылган жок. Жол каттамы ачык. Тоют жетиштүү", - деп билдирди район акими.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда кыш мезгили жыл сайын 5 айдан 5 жарым айга чейин созулат.

Буга чейин социалдык тармактарда колдонуучулар: "Атай айылына жардам керек. Өкмөт жактан эч пайда жок. Кар күрөгөнгө мекенчил жигиттер болсо күтөбүз. Үйүндө жумушка жарамдуу кишиси жок кары-картаң үй-бүлөлөрдүн үйүнүн чатыры кулап жатат", - деп баракчаларына илишкен.

Ошондой эле Тогуз-Торо районунун Атай, Молотов айылдарында калыңдыгы 1,5 метр кар түшкөнү тууралуу да белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: