super.kg logo

Авиакырсыктан жүрөгү ооруп каза болгон жарандын жубайы: "Күйөөмдүн туугандары үйүбүздү өздөрүнө каттатып, жардамдын баарын алып жатышат"

 

Курулуш башкармалыгынын дачаларындагы учак кырсыгынан жүрөгү ооруп каза болгон Арзымамат Ташматовдун жубайы менен кызы бүгүнкү маалымат жыйында үйсүз калышканын айтып, жардам берүүнү суранышты.

"Жолдошум учак кырсыгы болгондо жүрөгү жарылып каза болду. Эми туугандары берилген жардамдарды талашып жатышат. Алар буга чейин берилген 500 миң сом жардамды жана дагы башкаларын алып жүрүшүптүр. Жолдошумду жерге берүү зыйнатына мени катыштырбай коюшту. Ортобузда 3 балабыз бар. Ош облусундагы үйүбүздү өздөрүнө каттатып алышыптыр. Ал эми тергөөчүлөр мага түшүнүксүз кагазга кол койдурушкан. Көрсө компенсация жана башка жардамдардан баш тарттым деген кагаз экен", - дейт Бүзуура Тагаева.

"Сокулук районунун акиминин орун басары кагып-силкип, "жардам алып жатасыңар го" деп элдин көзүнчө урушуп салды. Бирок биз эч кандай жардам алган жокпуз. Жардамды атамдын эжеси Зарипа Миталипова алып жүрүптүр", - деди маркумдун кызы Гүлшайыр Арзымамат кызы.

"Бул үй-бүлө жардамга муктаж. Аларда ашыкча каражат жок. Булардын бүгүнкү абалын коомчулукка алып чыгууну туура көрдүк. Бул үй-бүлөгө атасынын мурасы калыш керек. Ал эми чогулган каражаттан жардам берилиши керек", - деп билдирди жарандык активист Нургүл Усенова.

Бүзуура Тагаеванын 2 кызы, 1 уулу бар. Балдарынын кенжеси 16да, улуусу 22 жашта. Алардын Ош облусунун Араван районундагы үйү атасынын туугандарына өтүп кеткенин жакында эле билишкени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
22.03.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Олгондун арты менен акча алуу куноого убалы тиетго
22.03.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
аманатты кыянат кылбагыла 5 кунчулук жашоого алданбагыла сурак кунункунун ойлонгула
22.03.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
маркумдун эжеси бети жок экен
22.03.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээ туура эмес болуп калыптыр, Эмне себептен акча болуштурулгондо маркумдун аялын чакырган эмес.
жээ бамак басты,коз кысты болуп кеттиби??
Эми эмне балдары менен каяка барат??
22.03.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Озу кызык немего окубайбы не бул деп
22.03.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bolunbo.kyrgyz,алдыраарга жаздыраар
22.03.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо олук эч нерсе болбой қалдыго акчанын алдында
22.03.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туугандары тажыясына катыштырбаганына караганда күйөөсү экөөнүн ортосунда келишпестиктер бар окшойт да, же ажырашып кетишкен (официалдуу эмес, кыргызча). Болбосо, кантип эле жакшы жашап жүргөн үй-бүлөнүн оокатына туугандары ээ болуп алсын...Чужая семья - тёмный лес.
Aitunuk түзөттү 2017-03-22 22:52:00
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: