super.kg logo
  Саясат  

Ирина Карамушкина депутаттык батирлерди таратып берүүнү сунуштоодо

 

Депутат Ирина Карамушкина депутаттардын кызматтык батирлерин Жогорку Кеӊештин аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлерине берүүнү сунуштоодо.

“Жогорку Кеңештин кызматтык турак үйү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилгени жатат. Ага ылайык, батирлер Бишкектен 20 чакырым алыста жашаган кызматкерлерге убактылуу колдонууга берилет. Атайын келишим түзүлүп, үй ээси келишимди бузган учурда батирден чыгарылат. Карамушкина бош турган батирлер чыгымга жол берип, техникалык жактан кооптуу экенин айтууда.

"Үйдө эч кимдин жашабагандыгы суу менен жабдууда, өрт коркунучунун болушуна жол берип, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдөгү бюджеттик чыгымга алып келет. Сунушталган мыйзам кабыл алынган учурда Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы менен жалдоочунун ортосунда түзүлгөн жалдоо келишимине ылайык, турак жайды кароо жана коммуналдык чыгымдарды төлөө жалдоочуга жүктөлөт", - деп жазылат мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө.

Маалыматка таянсак, азыркы учурда кызматтык үйлөрдө Жогорку Кеңештин 12 депутаты жашап жатат. 22 кызматтык батирде көптөн бери эч ким жашабай, кышында 1 батирдин коммуналдык төлөмдөрүнө ай сайын 6 миӊ сомдон төлөнүп жатканы айтылат.

Бул демилге тууралуу бүгүн, 22-мартта жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Жогорку Кеӊештин депутаттары 2016-жылы кызматтык автоунаадан жана 1 жардамчыдан баш тартышып, бирок кызматтык батирден толук баш тартышкан эмес. Бишкекте өз үйү жок 35 депутатка кызматтык үй берилери белгилүү болгон. Кийин 35 депутаттын ичинен бирөөсү батир албай турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: