super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Элдин пейилине жараша ажо берилет"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Алмазбек Атамбаевди ким колдойт?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Мен колдойм. Эң жакшы ажо, экономиканы жакшы түшүнөт".

"Бюджеттин биринчи звеносу болгон салык системин жөнгө салды".

"Мен колдобойм, өтө куу, амалкөй президент ушул болду. Өздөрү мыйзам бузса эч нерсе эмес, башкалар мыйзам бузса "закон" деп туруп алышты. Туугандарды бийликке жолотпойбуз дегени менен, бийликте бүт өзүнүн эски достору, жакын санаалаштары. Иштейби, иштей албайбы анысына караган жок".

"Акайыч" 15 жыл отурду падыша болуп, "Назарбайыч" казактардын ханы болгонуна 30 жыл болду. Өлкө башчысы алмашып турушу керек, революция аркылуу эмес, шайлоо аркылуу. Антпесе өлкө башчыларында президенттикке "менден кыйын адам жок тура" деп, "мания величия" ойгонуп кетет".

"Свет А. Атамбаевге чейин 70 тыйын болсо, азыркы учурда 2 сом 16 тыйын".

"Светке, газга акы, жер үлүштөрүнө, унааларга салыктар көтөрүлүп жатат, а пенсияга болсо Атамбаев келгенден бери болгону 200 сомдон кошулуптур".

"Өлкөдөгү "мен-мен" деген радио, телеканал, ММКларды чогултуп эл менен түз эфирде суроо-жооп кыла албайт (себеби жөнөкөй, элдин суроосуна жооп бере албайт). "Ала-Тоо" аянтына элди чогултуп курултай өткөрө албайт. Жалданма журналисттер менен паркта гана жолуга алат. Түштүк регионуна бут басып келе албайт (келет бир университетте студенттер менен жолугуп коюп кетет, студенттер көңүл деле бурбайт, сессиянын айынан барышат)".

"Алмазбек Атамбаев 2017-жылы өлкөнүн жаңы президентин шайлоодон кийин эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей тургандыгын бир нече жолу айтканын да эске сала кеткибиз келет. 2017-жылдагы шайлоодон кийин президент чыгармачылык менен алектенүүгө ниеттенүүдө", - дешти президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү".

"Мен колдойм, себеби ар ким эле ажо боло бербейт, бул дагы Кудайдын буйругу".

"Акыркы күндөрү сөздөрүнө күлбөй коюуга мүмкүн эмес. "Текени да байлап коюш керек" дегенде "жыгылып" калдым го, чиркин. Эми муну кимге тийиштирип айтты, бир өзү билет".

"Элдин пейилине жараша ажо берилет" дейт, "жаман" дей берсек, анда Кудайга каршы чыккан болуп калабыз. Андан көрө баарыбыз ыймандуу, сабырдуу жана акыл-эси жайында ажо келсин" деп тилек кылалы".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
22.03.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туура, элдин пейлине жараша падышасы.
22.03.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азыркы ажобуз озун ойлогон инсан Кыргызстан учун гозго корунуктуу Бир нерсе кылбады
22.03.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эң туура сөз, Атамбаев азыркы учурдагы элибиздин күзгүсү. Элибиздин сексен пайызын элементардык жүрүм-турум эрежелерин билбеген, бирок отурган турган жеринде Кудайды, ыйманды оозунан түшүрбөгөн адамдар түзүп калды, Атамбаев так ошондой менин жеке оюм.
22.03.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эн туура элинин пейилине жараша падышасы деп коет.
22.03.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Элдин пейлине жараша падыша, падышанын пейлине жараша эл
22.03.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура соз бирок Ашаны 40 еле пайызы шайлаган болуш керек элибиздин арасында барда Ашага окшогон адамдар шайлоону акча менен женди бул элге окшобой еле
22.03.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайлоо таза болбогон Бир мафия кылып отуп кеткен шайлого жакын ажонун адамдары шайлабасан да отот деп калган
22.03.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайлоо таза болсо болбосо да, Аллах каалаган пенде отту падышачылыкка, эмне чычалайсынар, пейлибиз сонун деген турасынарбы, бири бирибизди эле чукулап журобуз го, дагы пейлибизге жараша келет падыша.
22.03.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
канча жылдан бери газ проблема элэ датка кемин дагы тундук туштук жолу бутот дагы санаса толтура шаршенович чек ара маселесин да чечип жатат гансини эч ким кетире алган эмес ,коншу мамлекетер менен да жакшы суйлошот.Завод фабрика ачса эле элди которуп оппозисия королбай чыгат.Келгиле калыс суйлоп ынтымактуу бололу.
22.03.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле ақыркы кундору создоруно куло турган болуп калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: