super.kg logo

Британия мусулман өлкөлөрүнөн барган учактардын салонуна гаджеттерди алып кирүүгө тыюу салды

 

Британиянын бийлиги Түркия, Ливан, Иордания, Египет, Тунис жана Сауд Арабиядан учуп келе жаткан учактардагы жүргүнчүлөргө көлөмү смартфондон чоң электрондук каражаттарын учактын салонуна алып кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындай чечимди бийлик өкүлдөрү коопсуздук үчүн, террордук актылардан коргонуу максатында кабыл алышкандыгын айтышкан. Алардын пикиринде, чоңураак гаджеттерде жарылуучу заттарды алып кирүүгө мүмкүн. Жаңы эрежеге ылайык, учактын салонуна ноутбук, планшет, DVD-плеер жана башка чоң смартфондорду алып кирүүгө болбойт.

6 өлкөдөн келе жаткан жүргүнчүлөр узундугу 16 сантиметр, туурасы - 9,3 сантиметр, калыңдыгы 1,5 сантиметрден ашпаган параметрлердеги гаджеттерди гана жанына алып алса болот. Андан чоң электрондук гаджеттер жүктөр менен кошо тапшырылат. Мындай чечим 25-мартта күчүнө кирери айтылган.

Маалыматтарга караганда буга чейин АКШ 8 өлкөдөн келе жаткан учактардын салонуна чоң гаджеттерди алып кирүүгө тыюу салган эрежени киргизген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: