super.kg logo

Бишкекте Нооруз майрамында 6500дөй жоогазын тебелендиде калды, алардын 90 пайызы өсүп чыгат

 

Бишкекте Нооруз майрамында 6500дөй жоогазын тебелендиде калды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 22-мартта билдирди.

"Жашылдандыруу" муниципалдык мекемесинин маалыматына ылайык, кечээ Нооруз майрамында "Ала-Тоо" аянтынын 165 чарчы метрине отургузулган жоогазындар тебеленди: Курманжан датканын эстелигинин жанында 20, галереянын жанында 70, Чүй кең көчөсүндөгү клумбалардын 75 чарчы метри. Март айынын башында кызматкерлер тарабынан 120 миң жоогазын отургузулган", - деп айтылат маалыматта.

Мэрия шаар тургундарын шаардык кызматтардын эмгегин сыйлоого, гүлдөргө аяр мамиле кылууга чакырат.

"Жашылдандыруу" ишканасынын башчысынын орун басары Вера Слесареванын айтымында, тебелендиде калган жоогазындардын 90 пайызы өсөт.

"Жоогазындар жаңы отургузулуп, толугу менен чыга элек болчу. Аларды бир сыйра карап чыгабыз. 90 пайызы өсүп чыгат", - деди орун басар.

Эскерте кетсек, былтыр шаар боюнча 22 842 баш жоогазын отургузулуп көз сүйүнтсө, 17-апрелден 18-апрелге караган түнү Курманжан датка жана Манас айкелдеринин айланасына отургузулган 1200 жоогазынды белгисиз адамдар жулуп кетишкен. Бир күн өткөн соң жоогазындар жаш балдар тарабынан уурдалганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
22.03.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Майрамдан кийин таштандыга толтуруп кеткени аз келгенсип эми жакында гулдорун ачып, шаарды кооздукка болоочу жоогазындарды тепселеп.
Деги Кыргыздар ушундай ыпластыктан качан кутулабыз? Жийиркеничтуу.
22.03.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай адамдар чочколор бияктале калыптыр
22.03.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уят
22.03.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы Мэр иштебейт,өкмөт иштебейт деп койобуз.жапайы калкбыз да,майрамдашты да билбеген.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: