super.kg logo

7 жашар уулу менен желим бөтөлкө терген тургун: "Намысты жыйыштырып койгом, үй-бүлөмдү адал тамак менен багам"

 

Бишкек шаарындагы Свердлов районунун "Тазалык" ишканасында иштеген Нурлан Осмонов акыркы учурларда жашоосунда кыйынчылыктар болуп жатканынан кичинекей уулу менен таштанды челектерден желим бөтөлкөлөрдү терип, аларды өткөрүп, кошумча каражат таап жатканын бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына айтып берди.

"Үй-бүлөдө 5 жанбыз. Аялым, 3 балам бар. Соңку убактарда жашоо татаалдашып кетти. Балдарым чоңойгон сайын каражат көбүрөөк керектелип жатат. Бирине бут кийим, экинчисине калың кийим алып бериш керек болот экен. Ошентсе да колду куушуруп отуруп албай, эмгектенип жүрөм. Таштанды аңтарып, желим бөтөлкө терсем да, балдарымды адал тамак менен багам. Өзүм Свердлов районунда түшкө чейин иштейм. Айлык акым 5 миң сом. Бул каражат менен 5 жанды багуу акылга сыйбас иш. Мындан улам шаардын көчөлөрүн кыдырып, намысты жыйыштырып, желим бөтөлкө чогултам. Аны менен катар керектүү буюмдар, жылуу кийимдер чыгып калса ала кетем. Балам болсо күндө мени ээрчип алат. Кой дегенге көнбөй кошулуп жардамдашат", - дейт Нурлан Осмонов.

Нурлан Осмонов Нарын облусунун тургуну, 46 жашта. Бишкек шаарында жашаганына 10 жылга чукулдаган. Күн сайын 35-40 килограмм желим бөтөлкө чогултуп, 1 килограммын 8-9 сомдон сатат. Күнүмдүк жашоо-тиричилигин ушундай эмгектенүү менен өткөрөт. Нурландын улуу баласы 12 жашта ортончусу 7 жашта. Ал эми кенже баласы 3 жашар. Бул үй-бүлө батирдин акысы үчүн 3 миң сом төлөп жашайт.

"Бир топ жыл мурда эскилиги жеткен жеңил унаа сатып алгам. Ал менен тиричилигим өтөт. Терген бөтөлкөлөрдү унаага салып дарегине жеткирип сатып келем. Муну менен такси кызматын аткаруу мүмкүн эмес. Анткени сырткы көрүнүшү өтө начар. Кардарлар буга отурбайт. Анан да ички отургучтары талапка жооп бербейт. Такси кызматын да кезегинде аткаргам. Бирок күн бою талаалап жүрүп жарытылуу акча таппай ал жумушту таштап салгам. Айтор, жашоо кыйындап баратат. Мүмкүнчүлүгү бар адамдар жардам берсе баш тартпайм", - деп кошумчалады Осмонов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
22.03.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Окунучтуу
22.03.2017. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
бир кун болбосо бир кун Кудайым берет,сабыр кылып,ыйман,ынсаптан тайбай жакшы,адал жол менен уй булонузду бага бериниз.Бул да болсо сизге сыноо.Берем десе бир кундоле берип койот Кудайым,сыноосунан отсонуз.
22.03.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коп байлыктын кереги деле жок кандай жашасаныз да бактылуу болсо болду
22.03.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эхх кандай окунучтуу ыйлагын келет
22.03.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Админ, Кантип жардам беребиз?
22.03.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улуу урматтуу Супер инфо жамааты жана Админи, Супер Инфонун Отконку санында Айсада эженин Баласы Аргендин операциясына акча деп кайрылган кайрылуусунда да окурмандар учун тел номерин калтырбаптырсыздар, коруучулор учун кана экеранга жазып койупсуздар, анын номерин окурмандар корормандар аркылуу таап болгон жардамын берип жатышат, сиздерден суранайын дегеним окурмандар учун да тел ном жазып койунуздарчы, эми бул бир тууганыбызга жардам корсоткондор кантип байланышат???
23.03.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
satarovkubacom, саламатсызбы? 0708653671 номери аркылуу байланышсаңыз болот.
23.03.2017. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш аман,ден-соолук чын болсо,кандай жумуш болсо дагы,иштегенге не жетсин!Тапканын адал болсо,аракет кылсан,береке болот!Жашоо кыйын,бир кун бул кыйынчылык артта калып,бактылуу кундор дагы болот бул жашоодо!Азаматсыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: