Мушкер Бектур Мангиев эрежесиз эр уруш мелдештерин уюштурган "ONE Fighting Championship" уюму менен келишим түзөт




Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Бектур Мангиев эрежесиз уруш боюнча Бишкекте өткөн эл аралык “Mixed Silat” мелдешинин жеңүүчүсү аталып, эрежесиз эр уруш боюнча мелдештерди уюштурган Азиядагы ири уюмдардын бири "ONE Fighting Championship" менен келишим түзгөнгө мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу спортчу SUPER.KG порталына кабарлады.
Маалым болгондой, аталган мелдеште 70 килограмм салмакта күч сынаган Бектур Мангиев казак спортчусу Хазиров Мурадды жеңген. Муну менен ал "ONE FС” уюмуна тандалып алынган спортчулардын арасына кирип, июнь айында Малайзияда 8 бурчтукта беттеш өткөрөт.
Эске салсак, "ONE Fighting Championship" уюмунда 61 килограмм салмак ченинде кыргыз спортчусу Тилек Батыров беттешип келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.