super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Аккула" ат майданын реконструкциялоо планда бар" дейт Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси

 

Бишкек шаарындагы 2500 орундуу "Аккула" ат майданын кеңейтүү, реконструкциялоо пландары бар. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда ат майдан толугу менен башкармалыкка өткөрүлө элек. Биринчи ирет 1995-жылы менчиктештирилип жана 57 гектар жери 814 миң сомго, экинчи ирет 2003-жылы 100 миң сомго сатылган. Үстүбүздөгү жылы кайрадан мамлекетке өткөрүп берүү маселеси каралган. Учурда мэрия менен ат майданды менчиктеген "Аккула" акционердик коомунун ортосунда соттук териштирүүлөр каралууда. Белгилей кетсек, январь айында ат майдан мэриянын карамагына өткөнү тууралуу кабарланган.

"Ат майдан бизге өтөт деп ишенип турабыз. Азыр шаарда тургундар көбөйдү, улуттук оюндарга кызыгуу арткандардын саны да артып бара жатат. Биз "Аккуланы" кеңейтип, 20 миң кишиге ылайыкташтырып, реконструкциялайбыз. Азыр иш пландар жүрүп жатат. Соттук кароолор аяктап, толугу менен башкармалыкка өтсө ишти баштайбыз", - дейт Ы.Мааткабылов.

Муну менен катар ал кечээ, 21-мартта ат майданга келгендердин жоругун сынга алуу туура эмес экенин билдирди. Эскерте кетсек, бүгүн, 22-мартта окурман аталган ат майданды чоңойтуу зарыл экенин билдирсе, социалдык тармактарда бул маселе талкууга алынууда.

"Уюштуруучулар коопсуздукту эске алышы керек болчу. Чоң кырсыктан Кудай бизди сактады. Темир конструкциясына кеминде 200 бала чыгып алыптыр, ал кулап кетсе эмне болмок? Андыктан ат үстүндөгү оюндарын өнүктүрөбүз десек, ат майданындагы шартты жакшыртуу зарыл. Даараткана, унаа токтотуучу жерлерди кеңейтип, турнирге аттарын алып келгендер үчүн атайын шарттарды түзүү бүгүнкү күндүн талабы болуп турат. Азыр эми бул ат майдан жылына эки жолу - 31-август, 21-март күндөрү эле иштетилип жатат да. Менин оюмча, масштабдуу оюндарды ай сайын өткөрүү керек. Биз "Аккуланы" Чолпон-Ата шаарындагы ат майданындай кылып курууну тилейбиз. Бирок бардыгы канча каражат бөлүнгөнүнөн көз каранды", - деп кошумчалады Ы.Мааткабылов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: