super.kg logo

"Манас" кинотеатрында "Тиги-бу" кинокомедиясынын бет ачары өткөрүлдү

 

"Манас" кинотеатрында бүгүн, 22-мартта "Тиги-бу" кинокомедиясынын бет ачары өткөрүлдү. Тасманын ачылыш аземине кино жаатындагы белгилүү жаш актёрлор катышты.

Кинокомедияга актёр Эмил Эсеналиев менен Азим Касымов режиссёрлук кылышкан. Ал эми башкы каармандын образын Мурат Жалиев менен Эмил Эсеналиев жараткан. Тасмага Нурлан Жаныбеков менен Эмил Эсеналиев продюсерлик кылган.

Фильмге "тамашоучу" Мурат Жалиев, Самат Эркинбеков, Шумкар Бейшенбеков ошондой эле Алтынбек Ысакбаевдер тартылган.

"Бул тасма Ош жана Бишкек шаарларында тартылды. Жалпы 1 айдан ашуун убакытта тартылып жыйынтыкталды. Андан соң кадрларды монтаждоо аракеттери менен алектендик. Фильмге 20 миң АКШ долларын чыгымдадык. Бул үчүн атайын демөөрчүлөрдү таптык", - деп билдирди режиссёр Азим Касымов.

Фильмдин ачылыш аземине маданият чөйрөсүндөгү чыгармачыл инсандардан Азамат Исмаилов, Бакыт Байсариев, Санжар Мыкыев, Бакыт Осмонканов, Нурсултан Майназаровдор катышты.

Кинокомедия эки бойдок жигиттин интернеттен таанышкан кызга жолугушууга барышы менен башталат. Андан соң бойдок жигиттер менен көчөдөгү тентек жигиттердин ортосунда түшүнбөстүк чыгып, тамашалуу чырга айланат. Ошентип окуянын жүрүшү өнүгөт.

"Алдыда көрүүчүлөр үчүн жагымдуу тасмаларды тартуу аракетин көрөбүз. Бул тасманы тартууда анчалык кыйынчылык болгон жок. Ал эми фильмдин аталышы тамаша иретинде "Тиги-бу" деп өлкөдөгү сүйлөө маданиятын чагылдыруу менен, ушундай аталды. Эртең 23-марттан тартып кинотеатрларда көрсөтүлүп баштайт", - деп билдирди фильмдин режиссёру Эмил Эсеналиев.






"Тиги-бу" комедиясынын бет ачары болуп өттү

"Тиги-бу" тасмасы туура сүйлөөнү үйрөтөт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
23.03.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жакында Индиядан отуп кетебизго 1 айда бир кино тартса!!! Понт разбор тиги бу ал сен биз,движение общения кылыш керек оюнарга келген кинолорду тарта бересинерби саны бар сапаты жок болуп!!! маданият министри каякты карап жатат?????
Ulan2601 түзөттү 2017-03-23 00:47:23
23.03.2017. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ulan2601,досум биз мындай коро албастык кыла берсек эчкачан онукпойбуз, сен озун бир айда эмес 5айда кино тарта аласынбы
23.03.2017. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bilbeim.dordoi,ушундай сын болбосо эч качан онукпойбуз
23.03.2017. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул кинону билбедимго ызычуу дегенди коруп азыргаче окунуп жатам кайран гана убакыт
23.03.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arena2014,ошого тартылган актёрлор бут эле бекерчи окшойт. Мен дагы коруп алып ыйлагыдай болдум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: