super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекен" Текебаевди тезинен бошотууну талап кылууда

 

"Ата Мекен" партиясынын саясий кеӊеши партия лидери Өмүрбек Текебаевди тезинен бошотууну талап кылууда. Партиянын 22-мартта тараткан билдирүүсүндө Текебаевдин кармалып, камакка алынышы мыйзамсыз жана Конституциянын нормаларын бузуу деп айтылат. Мамлекеттик органдарды пайдалануу менен ага саясий куугунтук жасалууда деген пикирде партия.

Текебаевдин үстүнөн арызданган Леонид Маевскийдин "Текебаев 2010-жылы июлдун башында Москвага келип мага жолуккан" деген сөзү жалган экени айтылып, Текебаев июлдун башында Москвага барбаганын тастыктайт делген документтер жарыяланды.

"Ослодогу иш сапарынан кийин Өмүрбек Текебаев Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басарлыгынан кетип, техникалык өкмөттүн курамына кирген эмес. 12-июлдан кийин ал жооптуу кызматкер эмес болчу, "коррупция" беренеси боюнча жоопкерчилик тартпашы керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

9-мартта Текебаевдин баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту карап, аны 2 айга камакка алуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: