super.kg logo

Учак кырсыгынан кийин жүрөк оорусунан каза болгон Ташматовдун туугандары: "Жеңебиздин айылдагы үйгө тиешеси жок"

 

Курулуш башкармалыгынын дачаларындагы учак кырсыгынан кийин жүрөк оорусунан каза болгон Арзымамат Ташматовдун үйүнө анын жубайынын тиешеси жок экенин бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына маркумдун бир тууганы Гүлнара Ташматова кабарлады.

"Буга чейин Бүзуура Тагаеванын берген маалыматтары калп. Ал акыркы 10 жылдан бери агам менен чогуу жашабай жүргөн. Алардын нике күбөлүгү кыркылганы же кыркылбаганын билбейм. Бирок экөөнүн чогуу жашабай жүргөнүн айылдагы кошуна, туугандардын баары билет. Ал 10 жыл мурда "иштеп келем" деп Бишкекке кетип, ошол бойдон кайрылып келген эмес. Кийин 3 баласын да кошо алып кетип калган. Биз жеңебиздин кантип жашап, кандай жолдо жүргөнүн билебиз. Анын жалган маалымат бергенин угуп, ызаландык. Ал кырсыктан пайдаланып үй алып калуу аракетин көрүп жатат", - дейт Гүлнара Ташматова.

Гүлнара Ташматованын маалыматына ылайык, Араван районунун Гүлбар айылында маркум Арзымамат Ташматовдун үйү бар, ал үйдү алардын атасы салган. Маркумдун туугандары үйдү Арзымамат Ташматовдун уулуна өткөрүп берүүнү каалашат.

"Жеңебиз айткандай, 500 миң сом өлчөмдөгү жардамды алган эмеспиз. Биз Муфтияттан берилген каражатты агамды жерге берүү зыйнаты үчүн колдонгонбуз. Кыргызда "өлгөндөн коркпо, көмгөндөн корк" деген сөз бар. Биз жерге берүү каадасын аткардык. Андан соң кыркылыгын өткөрдүк. Ошондой учурда жеңебиз келип койгон жок. Аны келтирбей койду деген маалымат да калп", - деп кошумчалады Арзымамат Ташматовдун бир тууганы Гүлнара Ташматова.

Эске салсак, буга чейин Бүзуура Тагаева "күйөөмдүн туугандары айылдагы үйүбүздү өздөрүнө каттатып, жардамдын баарын алып жатышат" деп маалымат берген.

Учак кырсыгынан каза болгон Арзымамат Ташматов менен Бүзуура Тагаеванын 2 кызы, 1 уулу бар. Балдарынын кенжеси 16да, улуусу 22 жашта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
23.03.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Балдары бар экен жененерге бергиле ал уйду.Уйду коруно которуп кетесинби.Бейтааныш эле бироо Жакшылыкка уй алып берди,а бул келин женесинен уй талашып.Тусунон эле байкалып турат.Уят деле калбаптыр...
23.03.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
meni_kut,Ал атасынан калган уй болсо женесине балее барбы? Анын устуно 10жыл алдын таштап кеткен аял экен.Баласына откоруп беребиз деп атыптырго ошол агыгы менен жетиштуу.
Олгондун озунун эле шору....
23.03.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Pandora,Бул аялдын созуно деле 100℅ ишенич жок.Кеткен аялды эч Ким жакшы дебейт,эмнеге кеткени бизге карангы.Жакшы жашоодон эч Ким иштегени кетпейт
23.03.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Pandora, чужая семья темная лес ал жыргаганынан кетти дейсинби кор тиргиликтин айынан кетти акаси менен Бишкекте чогу жашап жатса дагы аларга не керек
23.03.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
meni_kut,Балдарын откоруп берсе уй жайды Женем келип жашайбы деп альам болуп атышат да Ошо женеси он жылдан бери ошол акесинин балдарын багып жургондур Кочодо калбашы керек да
23.03.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атасыз калса балдар,апасы менен бирге болсун да.
23.03.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Өлгөн адамдын артынан ушинтип үй талашып ызылдабай эле коюшса болмок өлгөнүнө нааразы болбой эле ыраазы болуп жыргап үй алып акча алып жүргөн тура туура берилген жардамды алыш керек бирок тең болушпойбу балдарына 70% калган 30% нын 15% женесине 15% туугандарына
23.03.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баарибир маркумдун балдары уй балдарына калыш керек
23.03.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уят эмеспи балдары бар экенго женесине асылбай акасынын балдары учун бериш керек уй жайы болсо .ошол балдар убагында атасына кереги жок апасына кереги бар учун алып кеткендир Уят болот маркум дагы нааразы болол мал мулку балдарына калбаса.
23.03.2017. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уч баласы бар болгондон кийин бергиле да уят талашканынар
24.03.2017. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасыныкы балага аманат тим эле койушса болмок.бирок булардыкын бир кудай билет.башкабыз далилдей албайбыз
24.03.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тук тушунбом Араван районунда уйу бар болсо, учак кырсыгынан?????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: