super.kg logo
  Саясат  

УКМК: Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча далил жетиштүү

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча "Ата Мекен" партиясынын билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Мекеме Текебаевге козголгон кылмыш ишине карата жетиштүү далилдер бар экенин маалымдайт. Тергөө иштери Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык жүргүзүлүп жатканы, анын жыйынтыгы менен сот келтирилген далилдерге баа берип, айыпталуучунун күнөөсүнүн деӊгээлин аныктай турганы айтылды.

УКМК айрым жагдайлар тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачык айтылбай турганын баса белгиледи.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясы Текебаевдин кармалып, камакка алынышы мыйзамсыз экенин билдирген. Текебаевдин үстүнөн арызданган Леонид Маевскийдин "Текебаев 2010-жылы июлдун башында Москвага келип мага жолуккан" деген сөзү жалган экени айтылып, Текебаев июлдун башында Москвага барбаганын тастыктайт делген документтер жарыяланды.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

9-мартта Текебаевдин баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту карап, аны 2 айга камакка алуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: