Икрамжан Илмиянов КСДПнын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылды

Икрамжан Илмиянов КСДПдан парламент депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. Мындай чечим 23-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. Тизмеден чыгарууну өтүнүп Илмиянов буга чейин БШКга арыз жазган эле. Аны тизмеден чыгаруу сунушун комиссия мүчөлөрү бир добуштан колдошту. Талапкерлердин тизмесинен КСДПнын дагы бир өкүлү Абдыманап Кутушев да чыгарылды.
17-мартта КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештеги депутат Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалган. Анын ордуна партиянын тизмеси боюнча Илмиянов келмек, бирок ал депутаттыктан баш тартты. Тизме боюнча эми Аида Касымалиевага мандат берилери күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

