"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жалал-Абад шаарындагы 1-поликлиника урачудай абалда эмес" дейт медицина борборунун жетекчиси
Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында окурман WhatsApp аркылуу Жалал-Абад шаарындагы 1-поликлиниканын абалын "урачудай" деп, сүрөттөрүн жиберген.
Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Маматжан Миянов SUPER.KG порталына аталган поликлиниканын маңдайкы бети былтыр оңдолгонун бүгүн, 23-мартта билдирди.
"Былтыр поликлиниканы оңдоого мэрия 95 миң сом бөлгөн. Ал каражат маңдайын гана жасаганга жетти. Ошондой эле анын ичине 2 ажаткана салганбыз. Эми быйыл бюджеттен 1 миллион сом бөлдүрүүнү көздөп жатабыз. Имараттын калган беттерин да оңдотуп, терезелерин алмаштыруу планыбыз бар. Имараттын 2-кабатынын полу, устундары жыгач болгондуктан баскан сайын катуу үн чыгып турат, бирок дубалдары бекем. Сырткы шыбагы эскирген", - деди М.Миянов.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео

















