super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Иттерди эхинококкозго каршы дарылоо үчүн 55 миң долларга дары сатылып алынды

 

Өлкөнүн бардык аймактарында бул жылдын биринчи кварталына карата иттер эхинококкозго каршы дарылоодон өткөрүлүштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү кабарлады.

"Гельминттерге каршы дарылар министрлик тараптан "Мал чарбачылыкты жана рынокту өнүктүрүү - 1" долбоорунун алкагында сатылып алынып, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясына өткөрүлөт. Алар өз кезегинде аймактардагы бөлүмдөрүнө жеке ветеринарларга таратууга жиберишет. 2017-жылы 55 миң долларга "Азинокс" дарысынан 2 миллион таблетка алынган. Ветеринардык инспекциянын маалыматына ылайык, республика боюнча бардыгы 389 миң үйдө багылган ит бар", - деп жазылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын өкүлү Жамалбек Чынкожоев шаардагы 4 райондо 27 ветеринар иштейт экенин билдирген. Ветеринардык адистер жетишпесе да, үйдө багылган иттердин баарын дарылоого аракет кылып жатышканы белгиленет.

Эхинококкоз – адамга иттерден жукчу оору. Андан эң алгач боор менен өпкө жабыркайт.

"Акыркы 10 жыл аралыгында бул ооруга чалдыккандардын саны өстү, бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы аны менен ооругандардын саны 1134төн 972ге төмөндөгөн", - деп кошумчаланат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
23.03.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аны эми шаардагы иттерге берет айылдагы иттер эмне болот эч тушунбоймда
23.03.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
55мин доллардын 45мин доллары чондордун чонтогуно кирип кеткен
23.03.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олконун баардык аймактарында деп айтышыптыр. А эмнеге менин итимди даарылашпады?
23.03.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иттер жон эле журушот кана кайсы итти дапрылашты жедик деп эле айтышпайбы
23.03.2017. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкасын билбейм эчкимден укпадым итибизди даарылады деген сөздү.
24.03.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул башка иттерге келген акча
Эми койлорго деп келет болуш керек
24.03.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almacom, кайсы иттерди айтып атасын
24.03.2017. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге ушунча акча кетирип иттерге.Ооруган иттердин баарын атып салсын.Биякта адамдар дарылангага,нан жегенге акча таппай жатышса,ошончо акчаны иттерге кетирип.Баш жок
24.03.2017. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervamyn, Иттерден адамга жугушу мүмкүн экен го, ооруган иттер билинбейт анализ тапшырбаган соң, ошол ооруну алдын ала баардык иттерге берилүүсү шарт.....
Ит адамдын досу экенин унутпасак...
24.03.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин итиме паспорт алып атканда тоголок чоңураак дары берген, 6айдан кийин бересиң деп кошумча да берген.....балким ошо дары жөнүндө сөз болуп аткан жокпу?
24.03.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарыны карызга алганбы же акчагабы баарыбир мамлекеттин акчасы.дарыны елге сатып акчаны ордуна койгула еми.чонтоко салып жибербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: