Кыргыз мамлекетинен чыккан спортчулар Валентина жана Антонина Шевченколор ретро стилинде сүрөткө түшүштү














Кыргыз мамлекетинен чыккан спортчу эже-сиӊди Валентина жана Антонина Шевченколор АКШда атайын фотосессияга катышышкан. Бул тууралуу Валентина Шевченко Фейсбук баракчасына жазып, сүрөтүн илген.
Ретро стилинде болгон фотосессияны фотограф Трент Шерилл уюштурган. Анын алкагында спортчу кыздардын түрдүү образда сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.
Ошондой эле фотосессияга алардан башка да бир нече модель кыздар катышкан.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко 1988-жылы 7-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Муай тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку чемпиону, Бүткүл дүйнөлүк күрөш искусствосу оюндарынын 2 жолку жеңүүчүсү, кикбоксинг жана К1 боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону жана MMA боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Айымдар арасында "Дүйнөнүн мыкты тай боксчусу" наамынын ээси.
Валентинанын апасы Елена таэквондо менен машыккан. Эжеси Антонина да ушул жолду тандаган. Валентина 5 жашында түрдүү спорт түрлөрү менен машыга баштайт. Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучуга барып тарбияланган.
Эже-сиңди Шевченколор АКШда ретрофотосессияга тартылышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(5)
RusMos76

23.03.2017. 17:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы эже- синдилер
Samina007

23.03.2017. 18:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мынакей кыргызстандын жүзү.окуп алып сыймыктанат экенсиң.бактылуу болгула эже сиңдилер.
кыргыз Алик

23.03.2017. 18:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суроттор класс! Сонун чыгыптыр.
radroy

23.03.2017. 19:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачылып кетишиптирго
Atas

23.03.2017. 20:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orus emes ele anglichanka bolup kalyshyptyr
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.