super.kg logo

Көк-бөрүнү көрүү үчүн күйөрмандардын темир аркага чыкканы боюнча милиция билдирүү таратты

 

21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү оюнун көрүү үчүн күйөрмандардын темир аркага чыкканы боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Аккуланын" аянты 57,4 гектар жана 3-4,5 миң адамга ылайыкталган. Бул ат майдан учурда көрүүчүлөрдүн коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу акыркы 5-6 жыл ичинде "Аккуланын" жетекчилигине айтылып келген. Ат майдандын аймагы бийик эмес тосмо менен тосулган. Бирок уюштуруучуларга баары бир экен. Белгилей кетсек, күйөрмандарды ат майданга өткөрүү жана билеттерди текшерүү милдети Көк-бөрү федерациясынын моюнунда", - деп айтылат билдирүүдө.

Ага ылайык, шаардык милиция кызматкерлери Нооруз майрамы күнү Бишкектин бир топ аймактарында коомдук тартипти камсыз кылышкан. "Көк-бөрү оюнунун жүрүшүндө бир да кылмыш, бир да мушташ катталган жок. Бул иш-чараны өткөрүүдө бир гана уюштуруучулардын начар иштегенин эмес, жарандардын жана шаардын конокторунун адепсиздигин да баса белгилеш керек. Алар милиция кызматкерлеринин эскертүүлөрүнө карабай адепсиз иш-аракеттерди жасашкан. Буга карабастан учурда ИИМдин Ички коопсуздук кызматы майрам күнү иштеген милиция бөлүмүнүн башчыларынын үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүүдө", - дешти Бишкек ШИИББинен.

Айта кетсек, 21-мартта аталган ат майданда адамдардын саны абдан көп болгон. Ал жакта жалгыз гана Бишкек шаарынын тургундары эмес, атайын оюнду көрөбүз деп өлкөнүн бардык аймактарынан келген адамдар да болгон. Болжол менен ат майдандагы көрүүчүлөрдүн саны 23 миңге жакын болгону айтылган. Көк бөрү боюнча мелдештин финалы өтүп жатканда айрым көрүүчүлөр майданга чейин чыгып жатышкан. Улакчылар атты башкара албай адамдарды тебелетип кетиши толук мүмкүн болгон абал түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(17)
24.03.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чындыгында адепсиздик!Эч нерсе корбогондойбуз!Мал айдагандай эле айдоо керек озу адепсиздерди.Бироо чыкса аркага,баары чыгып алышат.Эч ким чыкпаса чыкпайт.Тообо...
24.03.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ekaterinburg,Эл деген эл экен тыя албайт экенсин. Эгер жакшы шарт тузгондо аркага жакындабайт да болчу
24.03.2017. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен ат майданын коро элекмин го бирок арканы мыкты жасаган экен. Эгер бошураак жасаганда ошончо адамды которо албай элге зыяны тийиши толук мумкун эле
24.03.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
биринчи ошол чыкан адамдар озунун коопсуздугун ойлогон экинчиден куйормандарга шар жок ошол ишке барган сонун олтургуч болсо ошол жерге чыкпайт беле
24.03.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Малдан айырмабыз калбай баратат.Кимдир бирөөлөр Кыргызстанды жакшы жактары менен дүйнөгө таанытса,ошол эле мезгилде кимдир бирөөлөр адепсиздик жагы менен дүйнөгө шылдын кылып жатышат.
24.03.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
BarsBaatyr,сен малдан кетпей шарт кылып кой ушунчалык акылдуу екенсин
24.03.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ажо малсынар десе окшоп кеттикби деймда
25.03.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
makesh1992,айтпа,ушундайыбыздан айтып атат да.. ипподром салып берсе да жакпайт..
24.03.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соз жок , уят эле,каргадай болуп тизилип алышканын,тартип сактоочулар кайда журушкон?
24.03.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чет мамлекеттерде деле ашынган фанаттар бар бирок мынчалыка барышпайт бизде жалаң өздөрүн көрсөткөндөр мына мен кыйынмын мени кара дешет
24.03.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздарда маданият деген нерсе жок, артта калганбыз.
24.03.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз кыргызбыз туугандар. Баары бир өз оюнубузду сүйөт экенбиз. Мен мынча көп адамды фудболго же ушул сыяктуу башка оюндарга барганын көрө да, уга да элек элем. Жакшы шарт болуп, көрүүчүлөр фудболдогудай фанат болуп бергенде. "Көк бөөрү" бир топ абройлуу болуп калмак экен. Аттиң шарттын жоктугу.
24.03.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көргүсү келип, атайын алыстан келишсе эмне кылышсын анан. 3-4 миң адам батчу ат майданга 23 миң киши батпайт да. Ат майданды кеңейтиш керек экен.
24.03.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Места жок болгон чакта деле оздорун адептуу алып журсо болот! Отурган жерине мусорун таштабай, аран турган отургучтарды сындырып биротоло жок кылып кетпей! Кыргызстандын коп нерсеге шарты жок экенин эми билип жатышабы? Милицияны да менсинбейт! Жогорудагылар дебей эле койгула ( оздорун чиновник сезгендерди) бироонун бети чымырабайт! Элдин каршышы тиет го ...
24.03.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
57 гектар чыгабы озу.
25.03.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jengoo,Менда оюнду коруп 57 гектар чыкпайтго деп ойлодум. 5,7 гектар болушу мумкун. 57гектар болушу учун узуну 1км ээни 570метр болуш керек.
25.03.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугунку кундо олкого чон 5-6мин эл батчу концерттик зал, чон стадион 40-50мин батчу, анан бир чон ипподром 40-50мин адам батчу ото керек болуп жатат. Чындыгында шарт жок. Чон ипподром куруп 100-200сомдон билет сатса эл алат болчу. Улуттук оюн болгон Кок боруда онукмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: