Бишкекте цирктин жанында маршруттук такси менен жол тандабас сүзүштү (фото)







Бүгүн, 24-мартта эртең менен Бишкекте Кыргыз мамлекеттик циркинин жанында 285-каттамдагы маршруттук такси менен Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү жол тандабас сүзүштү.
Күбөлөрдүн айтымында, Жумабек көчөсү менен чыгышты көздөй бараткан маршруттук таксини Шопоков көчөсү менен түштүктү көздөй катуу ылдамдыкта бараткан жол тандабас капталга сүзгөн. Анын кесепетинен маршруттук такси оодарылып кеткен. Ошол учурда коомдук унаанын ичинде 6 жүргүнчү болгон. Алар денесинен ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышып, "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилген.
Азыркы тапта Бишкек ШИИББи жол кырсыгы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(3)
ekaterinburg

24.03.2017. 10:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактай кор!Боодо кырсыктан,жалган жалаадан сакта!Тиги жол тандабас жол карабас болуп айдап баратса керек да ХХХ!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-03-24 11:01:41
Benazir08

24.03.2017. 11:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошондой машинени жол тандабас деп коюшабы? Кудай сактаптыр 6 жүргүнчүнүн ден соолуган жол тандабас сатылат экеен да эми
Tekecher

25.03.2017. 00:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жерде жол чырак жок, Жумабек кочосу менен келе жаткан унаа токтошу керек, Щопоков кочосу негизги жол чоон белги турат Жумабекте жол бошот деген, маршрутка чыга калса керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.