super.kg logo
  Саясат  

Марат Аманкулов: "Жанар Акаев КСДП фракциясынан чыгарылды"

 

Депутат Жанар Акаев парламенттеги КСДП фракциясынан чыгарылды. Бул тууралуу 24-мартта SUPER.KG порталына Марат Аманкулов билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Ж.Акаевди фракциядан чыгаруу маселеси бүгүн каралды.

"Кечээ партиянын саясий кеңешинин жыйынында Жанар Акаевди фракциядан чыгаруу чечими кабыл алынган. Бүгүн КСДП фракциясынын мүчөлөрү бул маселени карап, Жанар Акаевди фракциядан чыгарууну баары колдошту. Ал депутат болуп иштей береби же мандатын тапшырабы аны өзү чечет", - деди Аманкулов.

Айта кетсек, 22-мартта КСДП партиясынын саясий кеңеши жыйын өткөрүп, анда Жанар Акаевди мандаттан ажыратуу маселеси каралары айтылган. Кворум чогулбай жыйын башка күнгө жылганы кабарланган. Ж.Акаев журналисттерге фракциядан чыгарылышы тууралуу маалыматы жок экенин билдирип, мандатын тапшырбасын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: