super.kg logo

Чүйдөгү Ак-Жар конушуна 10 жылдан ашуун убакыттан бери айыл макамы берилбей келет

 

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ак-Жар конушуна 10 жылдан ашуун убакыттан бери айыл макамы берилбей келет. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Манас Касымбеков билдирди.

"Ак-Жар конушу Аламүдүн районунун аймагында жайгашканы менен, документтерге ылайык бизге карабайт. Конуштагы турак жайлар мыйзамсыз курулган. Жашоочулардын үй куруу аракеттери өлкөдө башаламандык учурунда башталган. Бул убакта жер жеке менчик болгон. Учурда бул конушту Бишкек шаардык мэрияга өткөрүп берүү аракеттери көрүлүүдө. Буга чейин шаардык мэрия суу маселесин карап беришти. Атайын маршруттук каттамы иштеп жатат", - деп билдирди Касымбеков.

Анын маалыматы боюнча, Ак-Жар конушунда 2 миңдей кожолукта 9 миңден ашуун эл жашайт. Конуштун жашоочуларына архитектура курулуш адистери үй курууга уруксат беришкен эмес. Ал тургай мындагы турак жайлардын документтери жок. Манас Касымбековдун айтымында, бул аймактын жери борпоң, үй куруу талабына жооп бербейт, жер кайсы күнү чөгүп кетиши ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.03.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолду асфальттап бергиле.калганын өзүбуз кылабыз
24.03.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жери катуу эле борпоң эмес. Сокулукта сыз жерлерге деле үй салып атышпайбы
24.03.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чокпой этпей эле жашап жатабыз го,бир жакшына,жолдору жайдын куну ото чаныйт бирок жашаганга жакшы эле.Аллага шугур кылабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: