Ысык-Көл районунда мал уурдоого шектелген эки жаран кармалды
Ысык-Көл районунда мал уурдоого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда Ысык-Көл РИИБинин кызматкерлерине 54 жаштагы Чок-Тал айылынын тургуну кайрылып, 6-февраль күнү белгисиз адамдар короосундагы коюн уурдап кетишкенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы А.А. жана 20 жаштагы Б. уулу Т. кармалды. Алар уурдалган малды базардан сатып жиберишкен. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.