super.kg logo

Дордой конушуна жакын жерде Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терисин мыйзамсыз сатып жаткан жаран кармалды

 

Экологиялык коопсуздук башкармалыгы тарабынан кызыл китепке кирген жаныбарлардын терисин мыйзамсыз сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы бүгүн, 25-мартта кабарлады.

"Ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө 24-мартта экологдор тарабынан Бишкек-Торугарт автожолунун боюнан, Аламүдүн районунун Дордой конушуна жакын жерде уруксат кагаздары жок, кызыл китепке кирген жаныбарлардын терилерин сатып жаткан Элеман Абыкеев аттуу жаран кармалган. Анын унаасынан күрөң аюнун терисинен жана 1 текенин башынан жасалган экспонаттар, 8 карышкырдын, 3 түлкүнүн терилери, 3 түлкүнүн терисинен жасалган малакайлар табылган", - деп жазылат маалыматта.

Жеринде экологдор акт толтуруп, терилер тартылып алынган.

Учурда материалдар чогултулуп, укуктук баа берүү максатында прокуратура органдарына өткөрүлүп жатканы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.03.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жаныбарлардын да убалы тиет силерге шашпай тургула дагы распродажа кийим саткансып дордойго коюп алганын жазасын алсын
25.03.2017. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачык эле сатып калышканын....акча бербей койгон го менттерге кобуроок бергенде комускодо калып кетет беле ким билет???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: