super.kg logo

Чернобыль апаатына катышып, мамлекеттен пенсия албай жаткан Кушбай Шайлыбаев каттоодо жок болуп чыкты

 

Чернобыль апаатына катышып, мамлекеттен пенсия албай жаткан Кушбай Шайлыбаев каттоодо жок болуп чыкты. Маалыматты бүгүн, 25-мартта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаментинин адиси Жумгалбек Солтонкулов билдирди.

"Кушбай Шайлыбаев аттуу тургун акыркы 4 жылдан бери Чернобыль апаатына катышкандардын тизмесинде жок болуп чыкты. Мындан улам ага мамлекеттен пенсия төлөнбөй жатат. Буга чейин аскердик комиссариат аркылуу текшерүү иштери жүрүп, аны тизмеден чыгарып салыптыр. Эгерде ал атайын Украинага барып же болбосо ал жактын тиешелүү кызматына суроо-талап менен кайрылса, алар документтештирип берсе, биз ал үчүн мамлекеттен пенсия төлөп бергенге даярбыз", - деп билдирди Солтонкулов.

Эске салсак, буга чейин Ала-Бука районунун тургуну атасынын Чернобыль апаатына катышып, бирок мамлекеттен пенсия албай жатканын айткан.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында 1305 Чернобыль апаатынын катышуучусу бар. Анын ичинен майыптык алганы 1180 адам. Бүгүнкү күндө майыптык алгандарга 7 миң сом, ал эми майыптык албагандарга 2,5 миң сомдон пенсия төлөнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.03.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Майып кишини Украинага барып алып кел деп кыйын болбой, министрликтин атынан запрос жонотсонор болбойбу
25.03.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jon ele bergibiz kelbedi berbeybiz dep aytyp koyso bolmok eken. Uwul adam kantip ukrainaga baryp document tolturmak ele. Je Koldon kelse ozunor ele jardam berip koyboysunarby al dele oynop baryp chenobl ga tuw kelip kalgan jokko
25.03.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Админ билим беруу министрлигине кантип суроо калтырсам болот
26.03.2017. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кичине ойлонуп жазгылачы эй айланайын эй кантип эле бул киши тирүү турса министрликтен бирөө барып биздин өлкөдө ушундай бир жаран бар эле ошого пенсияга чыкканга документ керек десе ма деп эле бере койсун анда баары эле жыргабайбы өзү үйүндө жатып алып бироолорду жумшап бар мага майып деген документ алып келип бер мен пенсияга чыгышым керек деп бул киши барыш керек майыптыгын тастыктаган документи болушу керек түшкөн тиштерин көрсөтүп чындап Чернобыльда болгонбу болбогонбу тастыктап анан берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: