УКМКнын алдындагы митингде 68 адам кармалып, аларга кылмыш иши козголду

Бүгүн, 25-мартта Бишкекте УКМКнын алдында болгон Садыр Жапаровду колдоо митинги тууралуу Ички иштер министрлиги маалымат жыйынын өткөрүүдө. Анда журналисттерге ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, Бишкек ШИИББинин башчысы Самат Курманкулов митингде канча адам эмне себеп менен кармалганын айтып беришүүдө.
Алмаз Орозалиевдин айтымында, митингде жалпысынан 68 адам кармалды. "Митингчилер 2 саат УКМКнын алдында турушту. Алар саат 16:30да милиция кызматкерлерине алгач бөтөлкө ыргытып, кийин желек байланган таяктар менен урушту. Митингде биз тараптан тиешелүү чаралар көрүлдү. Алдын ала эскертүүлөр берилген", - деди ал.
Мындан тышкары Орозалиев кармалган митингчилерге карата бейбаштык, милиция кызматкерине кол көтөрүү, бирөөнүн мүлкүн сындыруу боюнча кылмыш иши козголгонун баса белгиледи.
"Республика боюнча абал туруктуу. Милиция кызматкерлери шаардагы абалды көзөмөлдөөдө. Коркунучтарга негиз жок. Эгер митингдерде бүгүнкүдөй кырдаал кайталанса, мыйзам чегинде чара көрөбүз", - дешти ИИМден.




Анда озунон баштаса болмок.
Озунун партиясынан
Мурунку президенттерден сабак алса болмок.Ошолордун
Эмне жаш балдардай ой жугуртосуз?
Ошол митингке туртку болуп жатпайбы?Же эмне нан мн чай берип митинг уюштуруп жатат деп жазыпмынбы?
Аябай эле ажобузга куйуп быштыныз го.
Сизда Атамбаевге жан тарткандай алар да Жапаровго жан тартат.Аларды да озунуздой ойлоп койо бериниз.Туура жакшынакай болуп кете берсе болмок.Бирок антпей жатпайбы.
Чыдап турушса дептирсиз.Эмнеге чыдап турушсун?
Акыйкатсыз иштеринеби?Кеткиче тоноп,талап оппозисияны жок кылып салсын ошосуна чыдап туралыбы?
Атамбаевдей Ажоо экинчи болбосун.
Кудай алдында жооп берееринерди унутбагыла, Чыда Кыргыз чыда бвл квндор да отот буюрса Атамбаевдей ХХХ
Текебаевдин колуна кыйраган самолоеттогу кандуу жуктун (контрабанданын) ээсин тастыктаган документ тийери менен аэропорттон кармап кетти. Жапаровду чек арадан. Батукаевди болсо кызыл килемде узатышат.
Оа азыр суперге кирип сиздин ушул комментинизди окуп ошентет))
Элге каршы чыккан кандай болушун билбейсизби?
Элге куч колдонгондор эмне болду эле?
1. Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган!
2. Жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя кат бар.
Эскертүү!
Этика нормаларын сактаңыз!
1. Маанисиз, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
2. Жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя кат бар.
3. Кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
3 күнгө БАН!