super.kg logo

"Береке" бий тобунун концертинде топтун негиздөөчүсү Айнура Кыдыралиева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды (фоторепортаж)

 
Кеченин алып баруучулары
Концертте "Береке" бий тобунун негиздөөчүсү, көркөм жетекчиси Айнура Кыдыралиева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды
"Береке" бий тобунун бийчи, ырчы кызы
Концерттин коногу Алтынай Нарбаева
Айнура Кыдыралиева топтогу мыкты бийлеген, өзгөчөлөнгөн окуучуларын атайын сыйлыктар менен сыйлады
Айнура Кыдыралиева топтогу мыкты бийлеген, өзгөчөлөнгөн окуучуларын атайын сыйлыктар менен сыйлады
Концерттин коногу Темир Дамирбеков
Концерттин коноктору Темир Дамирбеков, Нияз Абдыразаков
Концерттин коногу Съездбек Искеналиев
Концерттин коногу Курал Чокоев

Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Береке" бий тобунун концерти болуп өттү. Концертке аталган топтун бийчилери, алардын жакындары, ырчылар Алтынай Нарбаева, Курал Чокоев, Нияз Абдыразаков, Темир Дамирбеков, "Non-Stop" дуэти жана башкалар катышышты. Ошондой эле бул күнү "Береке" бий тобунун негиздөөчүсү, көркөм жетекчиси Айнура Кыдыралиева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Алган сыйлыгы, концертке болгон даярдыктары тууралуу ал буларды билдирди:

"Топтун түзүлгөнүнө 12 жыл, ал эми сахнада жүргөнүбүзгө 10 жыл болду. Бул убакыт аралыгында бир топ жаштарга бийдин түрлөрүн үйрөтүп чыгардым. Учурда 400дөй улан-кыздар топто тарбияланат. Концертке көп убакыт бою даярдандык. Албетте, ушунча адамдын башын бириктирип иштөө оңой эмес, кыйынчылыктары да болот. Ага карабай алдыга умтулуп, бий аркылуу элге жагымдуу, көтөрүңкү маанай тартуулап жатканды ойлогондо кубанасың. Бүгүнкү "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белги менен сыйланганыма толкундандым, кубандым. Бул нерсе дагы да болсо ийгиликтерди жаратууга түрткү берет", - дейт Кыдыралиева.

Концертте күйөрмандар жогоруда аталган топтун тарбиялануучуларынын түрдүү талантына күбө болду. Улуттук, заманбап, индия, өзбек жана башка элдин бийлерин чимириле бийлеген бийчилердин арасында кичинекей ырчылар да талантын тартуулашты. Ошондой эле Айнура Кыдыралиева топтогу мыкты бийлеген, өзгөчөлөнгөн окуучуларын атайын сыйлыктар менен сыйлады.






"Береке" бий тобунун концертиндеги көчмөн бийи. 25.03.2017.

"Береке" бий тобунун концерти. 25.03.2017.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
25.03.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууй ата.
25.03.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон койбоптур ушунусу ашыкча го эми..
26.03.2017. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр жапаровдун баласын коруп журогум ооруп калды урбай эле коюшпаптыр, апасынын акыбалын элестетип жаман болдум урбай эле койгулачыыы сураныыч больницага чыгаргыла
26.03.2017. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарыбызда бала бар го ургандардын деле ургула деп приказ бергендердин деле оздорунун балдарын ордуна коюп корушсун урбагылааачыыы
26.03.2017. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахнага чыгып жатып,сахнанын этикасын сакташса,базардагы соодагер кебетеленип кантет ай.
26.03.2017. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тош белги ала элек мен эле калган окшойм.
Медиа-портал
11.12.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким ырдайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: