super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 26-МАРТ: 97 жыл мурун кыргыз адабиятында фантастика жанрына чыйыр салган жазуучу Кусейин Эсенкожоев туулган

 

Мындан 97 жыл мурун, 1920-жылы 26-мартта кыргыз адабиятында фантастика жанрына чыйыр салган жазуучу Кусейин Эсенкожоев Жети-Өгүз районунда туулган. Орто мектепти 17 жашында бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырган. К.Эсенкожоев институттун акыркы курсунда окуп жатканда Алма-Атадагы офицерлерди даярдоочу согуш мектебине жиберилген. Аны кыска мөөнөттө бүтүрүп чыгып, офицердик наам менен фронтко аттанган. Москва алдындагы катуу салгылашта 1941-жылы жыйырмадан жаңы ашкан кезинде курман болгон.

К.Эсенкожоев өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө "Саякатчы бала", "Үчүнчү шар", "Мекендин уулу" жана башка балдарга арналган илимий-фантастикалык кызыктуу чыгармаларды жазган. Көп ырларды, поэмаларды, очерктерди, фельетондорду жаратып алардын көбү бүтпөй калган. К.Эсенкожоевдин котормосу менен Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, Владимир Маяковскийдин бир нече ырлары кыргыз тилинде чыккан.
Кыргыз адабиятынын тарыхында К.Эсенкожоев кыргыз балдар адабиятынын негиз салуучуларынын бири болгон.

26-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.03.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олбосо дагы бир топ чыгарма жаратмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: