Дайынсыз жоголгон Лидия Кошкарованын жансыз денеси табылды. Бир айдан кийин ал 5 жашка чыкмак

Ивановка айылына жакын жерден 4 жаш Лидия Кошкарованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинен билдиришти.
Эскерте кетсек, 7-март күнү саат 07:00 чамасында Ивановка айылында 2012-жылы 26-апрелде туулган Лидия Кашкарова аттуу кичинекей кыз дайынсыз жоголгон. ӨКМнын №21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кызды издөөгө чыгышкан, бирок табылган эмес. Ал эми 16-март күнү Ысык-Ата РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Жаш баланы аяшпаган кандай заманга туш келдик.
Жараткан үй-бүлөсүнө сабыр берсин
м деп сизге жазып алдым.үзүр.