super.kg logo

Ошто милициянын өлүмүнө шектелген жаран: "Таирбек аялым иштеген дүкөнгө көп келчү, кызганычтан улам таш менен башка чапкам"

 

Ош шаарында милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда кылмышка шектүү катары 4 адам кармалган. Алардын ичинен 1972-жылы туулган Д.Ш. (үй-бүлө башчысы) кылмышка өзү гана барганын айтып, жактоочусунун катышуусунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Кылмышка шектүүнүн айтымында, Таирбек Уларовдун иштеген жери аялы иштеген дүкөнгө жакын жайгашкан. Ал дүкөнгө көп келчү.

Өз көрсөтмөсүндө төмөндөгүлөрдү билдирген: "21-март күнү айылыбызда сүмөлөк кайнатылып, коңшулар менен отурганбыз. Анан аялымдын телефонуна Таирбек чалып, аны чакырды. "Эмне үчүн чакырып жатат?" деп сурасам, аялым "карызын берет экен" деди. Артынан 20 минутадан кийин барсам, экөө сүйлөшүп турушуптур. Мен азыраак ичимдик ичкен элем. Таирбек кызуу болчу. Экөөбүз айтыша кеттик. Анан ал "эркекче сүйлөшөлү" деди. Экөөбүз Учар тарапка, канал боюна бардык. Ал дагы намысыма тийген ачуу сөздөрдү айтты. Мен ачуумду токтото албай аны колумдагы балдак менен башка бир чаап жибердим. Футбол ойноп, бутумду кокустатып алгандыктан убактылуу балдак таянып жүргөм. Мен коркуп кетип, колума тийген миздүү таш менен дагы бир нече ирет башка чаап жибердим. Ал жыгылып калды. Бирок сөгүнүп жаткан. Мен аны арткы орундукка чалкасынан жаткырып, унаасынын эшиктерин бекиттим. Анан кан болгон ташты жана унаанын ачкычын сууга ыргытып жиберип, өзүмдүн унаамды айдап, сүмөлөк болуп жаткан жерге келдим. Туугандарыма болсо "Таирбек үйүнө кетти" деп койгом. Окуя кызганычтан, кызуу кандуулукка алдыргандан болду, өлтүргүм келген эмес эле".

Ал эми Ош ШИИБи: "Кылмышка шектүү Д.Шнын бул көрсөтмөсү дагы терең иликтенет, анын бул кылмышка өзүнүн гана катыштыгы болгондугу текшерилет. Маалым болгондой, кылмышка шектүү адам маркумдун оор жаракатына карабастан жардам көрсөткөн эмес. Ал мурда, 2008-жылы соттолгондугу жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталды. Эч жерде иштебейт. Бул өзгөчө оор кылмыштын бети Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин тынымсыз жүргүзгөн оперативдүү иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында изи сууй электе 24-мартта ачылды", - деп билдирди.

Эскерте кетсек, 23-март күнү саат 15.30 чамасында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө токтоп турган көк түстөгү Мицубиси үлгүсүндөгү унаанын ичинен 1973-жылы туулган Таирбек Уларовдун жансыз денеси табылган. Ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Оштогу башкармалыгынын тескөөчү-коменданты болуп иштечү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(28)
27.03.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir jolu turmogo oturup chykkan adam kaira dele kylmysh jasay beret , „ Kongon adat kalaby ” bolgon tura , jakyndaryna sabr .
27.03.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец. Эгер куноосу болсо туура кылыпсын! Кудай жазасын берди. Аялынды да тый эми.
M89 түзөттү 2017-03-27 09:19:03
27.03.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аялында тура иштин баары.бири өлсө экинчиси түрмөдө чирийт. Кунаажын көзүн сүзбөсө бука жибин үзөбү деп бекеринен айтылган эмес да.Кээ бир аялдар жеңил ою жок болот турбайбызбы
27.03.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
аялдардын чачы узун акылы кыска депта илгеркилер бекер айткан емес ойу жоктор ойу жоктор
27.03.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу туугандар кызганыч аябай жаман жана коркунучтуу нерсе. Мен да аялымы кызганам. Себеби "Кызганбаган эркек бейишке кирбейт" деген. Жаныбарлардын чочко гана кызганбайт экен.Аялзатына айтаарым кызганганга повод бербей жургулочу. Анан атын очкур арак да себеп болуптур. Экоо соо болгондо балким мындай болбойт беле. Кудайым баарыбызга ынсап берсинчи!
27.03.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechirmeni, kyzganuu bul aiykkys bolezn. Kyzgansyn ichinen chegi menen. Kyzganat dese ele akylynan ainygandarga okwogondor da toltura
27.03.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмышка шектуу тортоо деп жазышпады беле жанылбасам?Бир уй-булоо деп.Озуно алып аткан го куноону...
27.03.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эркек экенсин брат
27.03.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рас болот бироонун аялына кызыккандын себеби ушул болот
27.03.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул окуя аялна да эркегине да баарыбызга сабак болушу керек
27.03.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озун аялын башын жарыш керек болчу.
27.03.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эркек экенсин! бироонун аялына коз арткан эркекти тируулой ортоп жиберсенда аздык кылат! эркектин кызганганы, бейиштин гулдоткону.
27.03.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен деле ошондой кылмакмын,эмне милиця болсо баарын кылса боло береби?
27.03.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кеп аялында.телефон номерин берип куйоосу турса,эзилип суйлошкон.
27.03.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пайгамбарыбызга (САВ)бироо келип: "Баланча менин аялыма жолочу болсонор башынарды кыя чабам деди дейт. Анда пайгамбарыбыз (САВ)айтты: "Ал ошентип айттыбы ээ, мен андан да кызганчаакмын" деген экен. Урматтуу туугандар эркек уй булосундогу аял затын апасынын эже карындаштарынын аялынын кыздарынын намысын башкалардан коргошу керек, кызганышы керек. Албетте жону жок кызгануу же жон жерден жалаа жабуу эмес. Аял заты назик жана биздин коргообузга муктаж. Ар эркек келип намысын тебелеп к
27.03.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechirmeni,тебелеп кетпеши керек
27.03.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын тогунун бир Кудай бир оздору билет бирок аялы номерин милицияга неге берет. Табаа эмес тообо бирок аялында да иш бар окшойт. Кудайым ай эми не болду эки уй-було тен зыян тартты
27.03.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуя эркектерге майдай жаккан го эрркек эле эркек деп калышыптыр
27.03.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба, кызганыш керек. Бирок чеги мн.
Тема боюнча айтсам, аялы да милициясы да туура эмес жолго барышыптыр. Ага номерин эмне учун берет. Башка эркек мн суйлошуп жатса кимдин жини келбесин, анын устуно жинди сууну да ичип алышкан турбайбы!
27.03.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким билет кылбаганды кылдырып болбогонду болтуруп коюш азыркы заманды тан калбайм.Бир кудай билет эмне болгонун милиция кызматкерин бир балдакчан Адам олтуруп коюш оной эмес башка аралашкан адамдар бар болуш керек отуруп чыккан адамдарды шектуу кылып мойнуна коюш оной эле болуп калбадыбы Ким билет Ким билет Ким билет
27.03.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул сотрудниктин чын эле аялы менен кандайдыр мамилеси барбы жокбу ал боюнча иликтесенер болбойбу балким бул сотрудниктин куноосу бардыр. Карганын козун чукугунар келбей жатабы? Саяк журсон таяк жейсин деген аталардын созу бар. дагы жакшы сотрудник экен 3кундо изилдеп таап койдунар . а так силерден 3 кундо бетин ачыш кечирип кой болчу элего. Байкашымча акыркы кундору бул оперлеринер Жума намазга дагы ушу бироону андып барып калдынар окшойт.
27.03.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коз мн корбогондон кийин куноолош кыйын...
27.03.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми бул байкени түрмөдө почетный место күтүп жатат дей бергиле...
27.03.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөзсүз эле өлтүрүш керек дебейм бирок никеси бар туруп экөө тең туура эмес иш кылыптыр.Мен эркекмин деген адам аялын кызганып жаман кадам жасап коюшу мүмкүн .
27.03.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Толук иликтенип бүтө элек ишти ММКларга маалымат иретинде берген из кубарларга, прокуратура адамдарына таң болом. Мүмкүн, такыр башка маселе боюнча өлтүрүшкөндүр, кызганч деп кутулуу жеңил болсо керек. Анан да, ошондой даражадагы адам кылмышкердин аялы менен мамиле түзбөсө керек.
27.03.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен деле аялыма жакындаса ошону кылмак
27.03.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга тооба кылдым,аялында куноо,тел номерин берген,эри бар туруп,башка эркекке неге берет!Эри дагы кызык,аялын тыйыш керек эле,аны олтуруп койбой!Эми не турмодо олтурса эри,аялы дагы башкага берет тел номерин!Кудайым адамдарга ыйман,акыл-эс берсин!
27.03.2017. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким чын эле карызын бергенге келгендир...суйлошсо суйлошуп тургандыр..дуконго коп эле киши келип суйлошот го..ким билет??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: