super.kg logo

Өзгөндө жер көчкүнүн астында калган үй-бүлө мыйзамсыз салынган үйдө жашаган (фото)

 

Кечээ, 26-мартта Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак тилекесинде жер көчүп, бир үйдү басып калган. Үйдүн ичинде 6 адам болгон: үй ээси, жубайы жана 4 баласы. Алардын денелерин издөө иштери жер көчүү уланып жаткандыгына байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен кырсык болгон жерге министр Кубатбек Боронов барганы, жеринде 39 куткаруучу, медициналык жардамдын, райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү иштешкени маалым болду. Издөө иштери жүрүп жатканда 3 жолу жер көчкөндүгүнө байланыштуу, маркумдардын туугандары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, издөө иштери жер көчүп бүткөн соң уланмай болгон.

Жер көчкүнүн бийиктиги 4 метрден 15 метрге чейин, узундугу 800 жана туурасы 120 метрге жеткен.

"Үй ээси Өмүрзак Эгемкулов аталган тилкеге 2010-жылы уруксатсыз 2 бөлмөлүү үй салганы аныкталды. Үстүбүздөгү жылдын январь айында эле Зергер айыл аймагынын жергиликтүү бийлигине жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардагы жарандарды көчүрүү тууралуу эскертүү берилген. 1996-жылы да ушул эле тилкеде жашаган Өмүрзак Эгемкуловдун атасы Өмүрбек Эгемкуловго эскертүү берилген. Ага тийиштүү жардам көрсөтүлгөн соң ал кооптуу аймактан көчүп кеткен", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Топ-Жаңгак тилкесиндеги жер көчкү жүргөн аймакта 5 үй бар болгон. Бир үйдүн тургундары көчүрүлүп, 4 үй жер көчкүнүн астында калган, алардын 3өөндө эч ким жашачу эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(12)
27.03.2017. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз де кыргыз дар да биро олуп жатабы мыйзамсыз жер бер еле оздоруно куноо артып койсо. Мамлекет бийликтегилердин колунан эч нерсе келбейт.
27.03.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушинтип айтышаарын билгем.
27.03.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка дагы эмне дейт эленер.
27.03.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
у бул тириктер иштеп атабы озу учкундон бери чукуп жатышатко частагы балдардвн алып барып эртелетпейби алар тириктир балким
27.03.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
evra_kg,тирик дегенинди эч ким тушунгон жок,эмне эле ал тиригин.Кыргызда тирик деген соз барбы?
27.03.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Riokyrgyz,сен олуксунбу не?
27.03.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
evra_kg,э кой сенда атана окшобогун
27.03.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Riokyrgyz,тирик-озбекче,тируу-кыргызча мааниси.
27.03.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкмөттүн шылтоосу ушул болуп калды. Бир нерсе болсо "мыйзамсыз эле" деп. Тойгозушту.
27.03.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбойт,жашаганга болбойт дегенди укпайбыз да...башка учоо кочуп кетиптир,даже атасы да кочуптур,ал киши деле маркум баласына акыл айтып жашатпай эле койбоптур...
Жаткан жерлери жайлуу болсун,не дейбиз башка...
27.03.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгер бир чиновниктин уйун басканда корот элем шылтоонорду. уйундо 100 миллион сому бар экен эле деп компенсация чыгарып бутунардан чан чыккыча чуркап бутурот эленерго чиркин. Алланын кадырлыгын коргуло силердин ушундай чечиминерди билип туруп уй було мучосунун бирин дагы эч кимге коз каранды кылбай алып кетти. жайы бейиштин бир бакчасынан болгон болсун .Аминь.
27.03.2017. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйсамсыз коркунучтуу жерден кочуп кетишиптир бул кайда жашайт эле жаш уйбулоого мыйзамдуу жерден жер тилкеси берилгенде мындай болбойт эле го...торт баласын кара периштедей болгон...чогуу кетеберишти го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: