Бишкекте велосезон ачылды
Өткөн дем алыш күндөрү Бишкекте велосезон ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы бүгүн, 27-мартта кабарлады.
"Иш-чарага 1500дөн ашуун велосипед тебүүчүлөр катышышты. Веложүрүш Уркуя Салиеванын айкелинен Д.Асанов атындагы сейил багына чейин 5 чакырымга уланды", - деп жазылат маалыматта.
Веложүрүш борбордун тургундарынын арасындагы велоспортту жайылтуу, анын сүйүүчүлөрүнүн санын көбөйтүү максатында өткөрүлдү.
Иш-чара Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы, BOOM stidio ассоциациясы жана R-bikers велоспорт федерациясы тарабынан көзөмөлдөндү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















