super.kg logo
  Саясат  

Депутат: “ЕАЭБ мамлекеттеринде биздин сертификаты бар продукциялар артка кайтарылып жатат”

 

“ЕАЭБ мамлекеттеринде биздин сертификатыбыз бар продукциялар артка кайтарылып жатат”, - деп бүгүн, 27-мартта парламентте Агрардык саясат, суу ресуртары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков билдирди.

“Жакында маалымат каражаттарынан карасак, биримдикке кирген мамлекет алманы кайтарыптыр. Буга чейин капуста, картошканы өткөрбөй койгон. Продукциялар экспорттолуп жатканда бизден фитосанитардык сертификат берилет. Ошонун негизинде ЕАЭБге кирген мамлекеттер кабыл алышы керек болчу. Алар "стандарт лабораторияңар жок" деп шылтоолоп жатышат. Бизде лабораториялар ачылууда. Мына, жакында эле Кара-Буура районунда премьер-министрдин катышуусунда лаборатория ачылды. Өкмөт биримдиктин отурумдарында, жыйындарында биздин талаптарга жооп берген, стандарт лабораториялар бар экенин тастыктап, далилдеп коюушу керек. Эгерде артка кайтарса, ЕАЭБдин шартында түзүлгөн лабораториялардын эмне кереги бар? Бул маселенин үстүнөн Кыргыз өкмөтү талыкпай иштеши керек, - деди ал.

Мындан тышкары депутат Кыргыз өлкөсүндөгү өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча токтомдо аталган биримдикке кирүү боюнча карама-каршы пикир жазылып калганын айтты.

Бул токтомдун баяндамачысы “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров: “Бажы биримдигине кирерде мурунку өкмөт жакшы жактарын эле айткан. Бирок ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө атаандаштык тууралуу айтылган эмес”, - деди ал.

Аталган комитетте "Евразиялык экономикалык бирликке интеграциялоо шарттарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспортёрлорду коргоо жана аларга колдоо көрсөтүүнүн тартиби өкмөткө тапшырма берүү жөнүндө" токтом долбоору жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: