super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алмасбек Акматов экономика министринин комитет жыйынына келбегенине нааразы болду

 

"Бир бол" фракциясынын депутаты Алмасбек Акматов экономика министри комитеттин жыйынына келбей, ал эми министрликтен келген өкүлдүн маалыматы жок болуп жатканына нааразы болду. Бүгүн, 27-мартта парламентте Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат өкмөттүн өкүлүнө чара көрүүнү сунуштады.

Жыйында “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков кайсы азыктар экспорттолуп жана импорттолуп жатканын сурады.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров учурда маалыматы жок экенин билдирди.

Ал эми айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев 2016-жылы мөмө жемиштер 2015-жылга салыштырмалуу 19 пайызга көп экспорттолгонун айтты.

“Жалпы экспорттолгон азыктар тууралуу айта турган болсом, жашылча жер-жемиштеринен картошка, пияз, төө буурчак, пахта, сүт азыктары, мал дагы экспорттолду. Ал эми импорттолгондор: помидор томаты, өрдөк, тоок эти", - деди Жаныбек Керималиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: