super.kg logo

18 жаштагы ирландиялык кыздын видео-кайрылуусунан кийин анын рак илдетин айыктырууга жетиштүү каражат топтолду

 

Рак илдетинен жабыркаган 18 жаштагы ирландиялык кыздын көзүнө жаш алып, элден жардам сураган видео-кайрылуусунан көп өтпөй, чоң суммадагы акча топтолду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда видео интернет аркылуу дүйнө жүзүнө тарап кеткенден кийин аз убакыттын ичинде Шантелдин рагын дарылоо үчүн чогулган акча каражаты 740 000 долларга (болжол менен 51 миллион сом) жеткен.

Шантель Тайнан рактын чанда кездешүүчү формасы - Лангеран системинин клеткаларынын гистиоцитозу менен ооруйт. Анын видеосу 12-февралда жарыяланган. Видеодо Шантель коомчулуктан АКШга барып дарыланып келүү чыгымын төлөп берүүсүн өтүнүп, жардам сурап кайрылган. Ошондой эле Техас штатынын Хьюстон шаарында дарылануусу анын "акыркы мүмкүнчүлүгү" экенин айткан.

"Ракты жеңүү мүмкүнчүлүгүм пайда болгонуна кубанычтамын, бактылуумун. Техастагы дарыгерлер эгер мен 12 айдын ичинде ал жакка барып дарылансам, менин аман калышыма жардам берүүгө мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк экендигин айтышкан", - деп айткан Шанель.

Ал эки күндөн кийин, 29-мартта өз өлкөсүнөн Техаска дарылануу үчүн сапар алмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.03.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дуйнодо эчким оруубасын эртерак сакайып кетишин тилейм кудайдан
27.03.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балким мен тушунбойттурмун, эмнеге ракты дарылоо ото кымбат,же ага кеткен даары дармектери кымбатбы? Биздин сулуу Жибектен кабар алгылачы супер инфо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: