16 жаштагы өспүрүм башы менен 111 бетон плитасын 35 секундда талкалап, рекорд койду



Тхэквондо боюнча босниялык 16 жаштагы чебер Керим Ахметспахик 35 секунддун ичинде 111 бетон плитасын башы менен талкалап, жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыккан.
Рекорд ишемби күнү Високо шаарында катталган. Роликте жаш чемпион бетон плиталарынын арасында тоңкочук атуу менен аларды талкалап жатканын көрүүгө болот.
Андан кийин көрүүчүлөр кол чаап, Керим рекорд койгон соң баарына ыраазычылыгын билдирген:
"Максатыма жетүүгө жардам берген ата-энеме, машыктыруучума жана баарына рахмат".
Өспүрүм башы менен бетон талкалап рекорд койду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
2

Саламатсызбы! https://www.super.kg/media/uservideo/187829/
https://www.super.kg/media/uservideo/187745/