Бишкектеги турак үйлөрдүн биринин жанынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды
Бишкектеги турак үйлөрдүн биринин жанынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта шаар тургуну билдирди.
Маалыматка караганда, 27-март күнү Биринчи Май районунун аймагындагы турак үйлөрдүн биринин жанынан төрөлгөнүнө 3 күн болгон ымыркай (эркек бала) табылган. Үй ээси дароо милиция чакырып, ымыркай шаардагы төрөтканалардын бирине жеткирилген. Учурда баланын абалы жакшы.
Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Аллахым ынсап берсин