ЖЫЛНААМА, 28-МАРТ: 425 жыл мурун "Педагогика илиминин атасы" аталган чехиялык окумуштуу Ян Амос Коменский төрөлгөн

Коменский алгач билим берүүнүн сабак принцибине артыкчылык берүү менен физика, геометрия, география, астрономия, тарых боюнча оригиналдуу окуу китептерди даярдаган. Кийинчерээк адам, дүйнө тууралуу билимдердин бир түйүнгө бириккен системин алышы зарыл деген ишенимге келген. "Тилдердин ачык эшиги" (1631), "Сүрөттөн сезим менен кабыл алынуучу буюмдар дүйнөсү" (1681) аттуу китептерин жазып, тилегин ишке ашырууга далалат жасаган. Коменскийдин педагогикалык чыгармаларынын толук 4 томдук топтому 1654-жылы Амстердамда латын тилинде жарык көргөн.
Дүйнөлүк коомчулук Коменскийди педагогика илиминин негиздөөчүсү катары таанышат. Азыр күндөлүк педагогикалык процессте бекем орун алып, активдүү колдонулган жалпы билим берүү, класстык сабак, көрсөтмөлүү окутуу методу, эне тилде окутуунун артыкчылыгы, танапис, каникул, чейректер, мектеп
имаратынын физикалык чөйрөсү, мектеп бакчасы, мектеп аянтчасы, дене тарбия, музыканын өзүнчө атайын сабак катары окутулушу жөнүндөгү жана башка таамай так түшүнүктөр жана өрнөктүү эреже салттар эң алгач Коменскийдин эмгектеринде аныкталган. Демек, окумуштуунун теориялык жана практикалык табылгалары 4 кылымга жакын мезгил өтсө да өз наркын, баасын жоготпой, тескерисинче актуалдуулугу артып барат.

Ян Амос Коменский 1670-жылы 15-ноябрда 78 жашында Амстердамда көз жумган.
28-мартка карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.